Menu

“Кыргызалтындагы” башаламандыкка чекит коюлса…

Бөлүшүү:

Эмне үчүн Кыргызстанда алтын казуу жагынан аксап келебиз. Себеби, баары кадрларга такалат. «Кыргызалтында» канча жылдан бери башаламандык уланууда. Кумтөрдүн эле акчасын карал турган, өзүн кыйын менеджер эсептеген директорлор кеңешинин төрагасы Аскар Өскөнбаев кыргыз адистер менен иштешпей, бой көтөргөнү эмнеси? Деги эле бул жактагы абал көңүл жылытарлык эмес. Дагы бир жагдай, азыр камакта отурган Болсунбек Казаков маммүлктү жетектеп турганда күчкө салып иниси Талантты эки жыл мурун өндүрүш боюнча «Кыргызалтынга» орун басар кылып дайындаганы жалпы коллективдин кыжырын кайнаткан. Азыр деле иштемиш болуп жүрү. Аны «пьяный мастер» деп да коюшат экен. Себебин өзүңүздөр ойлоп тапкыла. Анан кантип өнүкмөк элек, алтын казууну ушуларга тапшыртып койсок.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: