Menu

Канатбек Исаевдин келечекке карай олуттуу коңгуроосу

Бөлүшүү:

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Канатбек Исаев камалгандан кийин анын бир топ санаалаштары, кесиптештери жүздөрүн тескери бурушуп, бийликтен корккондору үчүн сатып кетишкен. Урмат Самаев гана эр жүрөктүгүн, жигитчилигин көрсөтүп жүргөнүн байкаганбыз. Башка депутат достору «куйруктарын кыпчып» кетишкени чындык.

Кийин гана Исаевге козголгон кылмыш иштери жокко чыгып, өзү эркиндикке кадам таштаган. Сентябрдан тарта депутаттык ишмердигин улантып, саясат менен кайрадан алектене баштады. Кызыгы, түрмөдөн чыгып, депутаттык ишмердигин уланткан саясатчылар негизинен дүйнөлүк практикада сейрек кездешет. Кыргызстанды айтпай эле коёлу. Ошентип, каарманыбыз кайрадан активдешүү жолуна түшкөнү, камалып жатканда Токмоктон алдырган позицияларын кайрадан чыдай баштаганы кеп болууда. Атургай КСДПчы депутат Бакыт Жетигеновдун балдары менен Канатбек Исаевдин жактоочулары мушташа кетишкени, бири-бирин бычакташканы жалганбы? Мындан бир канча күн мурда Гокмоктогу базардан чыккан чууну уктуңар беле?

Айтор, камактагы 9 ай 18 күн Канат Кедейкановичтин канатын кайрыбай эле, тескерисинче чыйралтып салыптыр. Учурда ал айлана-чөйрөсүн ылгап, сатып кеткендер эмес, кыйынчылыкта туруп бере турган адамдардын тизмегин иретке салып, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого кимдер менен бара турганын анализдеп, саясаттагы өзүнүн ордун дагы да бийиктетүү менен алек болууда. Башкалар күткөндөй, «Исаев чыкса эле Атамбаевден өч алат, маалыматтык чабуулга өтөт» деген сөздөр да жокко чыгып отурат. Президент Жээнбековго да сын-пикирин айта элек. Себеби, Канатбек мырза салмактуу саясатчы катары башкалардан айырмаланып, кадамын жети өлчөп, бир кесүүнү чечкени – келечекке карай олуттуу коңгуроо эмеспи.

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: