Menu

Канатбек Мурзалиев, БШК депутаты: Абировдун көмүр чырына тиешеси жок, Суракматов жерге мораторий киргизүүдө

Бөлүшүү:

– Канат мырза, шаардык кеңештин депутаттары төрагалыкка Жаныбек Абировду шайлагандан бери коомчулукта ар кандай сөздөр бүтпөй жатат. «Абиров ар бир депутатка миңдеген доллар берип, добуштарын сатып алды» дешүүдө. Чындыгы канчалык?

– «Депутаттарды сатып алды» деген калп. Эч кимге эч кандай акча берген жок. Ар бир депутат өз көңүлү менен шайлоо процесстерине катышып, 41 депутаттын кыркы макул, бирөө калыс добуш берди. Ал эми аны көмүр чырына байланыштырып жатышат. Көмүр чыры атасынын маселеси. Баласы депутат болуп келсе, төрагалыкка анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштады. Салымбеков, Конгантиев талапкерлигин чакыртып алышкандан кийин, Абиров бир добуштан төрага болуп шайланды. Ал эми биз, «Республика – Ата Журт» фракциясы талапкерибизди төрага орун басарлыгына сунуштадык.

Абиров жаш, курч жигит. Жакшы иш баштады. Өзү Жал кичи-районунан депутат болуп шайланып келген. Жалдагы эл мактап жатат. Балдар ойноочу аянтчаларды куруп, шайлоочуларынын көйгөйлөрүн чечип берип жатыптыр. Эки күн мурун экс-төрага катары мени чакырып, «чет мамлекеттер менен буга чейин болгон мамилелерди жаңылайлы» деген сунушун айтты. Ошонун үстүндө иштөөгө киришти.

– Мэр Суракматов «шаарга кооз имараттарды, сейил бактарды курабыз» деп долбоорлорду сунуштап жатат. Ушунун баары курулабы же курулай долбоор бойдон калып калабы?

– Бишкек – Кыргызстаныбыздын күзгүсү. Коноктор келишет. Шаарыбыз кооз болуп, сейил бактар, эс алуучу аянтчалар болушу керек. Албек Ибраимовдун убагында мурдагы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордун жеке менчикке чыгарып салды эле, Суракматов аны жокко чыгарып, ошол жерге бюджеттин каражатына жараша сейил бак курдурганы жатат. Долбоордун презентациясын кылды. Бизге жакты. Жардам беребиз.

– Суракматовду башында эл да, айрым депутаттар да кабыл албай жатышкан, Иштей алчудайбы?

– Ооба, келбей жатып ал кишинин да артынан көп сөздөр айтылган. «Елизавета» курулуш компаниясынын ээси, мэр болуп келсе, жерлерди алып, көп кабаттуу курулуштарды курат» дегендер болду. Тескерисинче, Суракматов Бишкектин жака-белинен жер бергенге 2020-жылга чейин мораторий киргизүү сунушун берди. Жакынкы сессияда бул маселе каралат.

Мындан тышкары, «сүйлөй албайт», «кыргызча билбейт» дешкен. Келгенине үч ай болоюн деп калды. Кыргыз тилинде жакшы сүйлөп калды. Сабак алып, тил үйрөнүп жатыптыр. «Сындан түзөлөт» деген ушу да.

– Мурдагы мэр Албек Ибраимовдун иштери боюнча шаардык кеңеште эмне сөз бар?

– Ибраимовго карата сот чечими чыга элек. Ал иштерге депутаттар кийлигише албайбыз. Күнөөсүн сот органдары аныктаса, жоопкерчиликке тартылсын, жазасын алсын!

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: