Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков: Эл бийликке карата бааны аткарган иши боюнча гана эмес, жетекчилердин жүрүм-туруму боюнча дагы берет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында жаӊы дайындалган Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы ант берген Өкмөттүн жаӊы мүчөлөрүн куттуктап, алардын мамлекет алдында, эл алдында жоопкерчилигин баса белгиледи.

«Ушул жерде жыйынга катышып жаткандардын баардыгы — дайыма элдин көзөмөлүндө, көпчүлүктүн сыноосунда турган жооптуу адамдар олтурасыздар. Сиздердин ар бир кадам, ар бир ишиңиздер элдин элегинен өтүп, дыкат кароосунда экенин эч качан эстен чыгарбаңыздар», — деп баса белгилеп, Президент аткаруу бийлигинин айрым мүчөлөрүнүн акыркы кездеги жүрүм-туруму коомдо кызуу талкууланып, жалпы бийликке көлөкө түшүргөнүн, мамлекеттик кызматкерлерге карата коомчулуктун терс пикирин жаратканын өзгөчө белгиледи.

«Эл бийликке карата бааны аткарган иши боюнча гана эмес, жетекчилердин жүрүм-туруму боюнча дагы берет», — деп баса белгиледи Президент мыйзам чыгаруу  жана  аткаруу бийлигинин  өкүлдөрүнө кайрылып.

Мамлекет башчысы Өкмөт мүчөлөрүн антын бузбоого чакырды. «Ант — ыйык.  Элибиз  эзелтен антты ыйык тутуп, анын маӊызына, жоопкерчилигине, улуулугуна өзгөчө маани берип, касиетин жогору баалап келген. Өлкөбүздүн эгемен тарыхында берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Антыңарга бекем болгула!», — деп белгиледи  Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бийлик бутактарын эриш-аркак жана биримдикте, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырып,  Жогорку Кеңештин жаан Өкмөттүн  ишине ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү мүчөлөрү  ант беришти:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Асымбеков Шамил Уметович;

— Кыргыз Республикасынын юстиция министри Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

— Кыргыз Республикасынын  өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Осмонбетов Эмил Кубатович.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: