Menu

Путин пенсия реформасы жөнүндө мыйзам топтомуна кол койду

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин пенсия реформасы тууралуу мыйзам топтомуна кол койду. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында айтылат.

Мыйзамга ылайык, эркектердин пенсия курагы 65, аялдардыкы 60 жашка чейин көтөрүлөт. Мөөнөтүнөн мурун ардактуу эс алууга чыгуу үчүн эркектер 42, аялдар 37 жыл эмгек тажрыйбасын топтошу керек.

Буга чейин аялдардын пенсия жашын 63 жашка көтөрүү демилгеленген. Бирок реформа долбоору даярдалгандан кийин социологдор Владимир Путиндин рейтинги төмөндөп кеткенин байкашкан. Кийинчерээк президент реформаны жумшартып жана пенсияга чыгууга беш жылдан аз мөөнөтү калган кызматкерлерди иштен алуу үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштаган. Бул мыйзам Мамлекеттик дума тарабынан кабыл алынып, бүгүн Путин кол койду.

Октябрдын башында Владимир Путин пенсия реформасына киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин бюджет үнөмдөлбөй, тескерисинче кошумча чыгымдарды талап кыларын айткан. Ага чейин өкмөт пенсия курагын жогорулатуу менен үнөмдөлгөн акчаны пенсия көбөйтүүгө жумшоону пландаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: