Өзбекстан президентинин маалымат катчысы, администрация жетечисинин орун басары Комил Алламжонов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өзбек басылмалары мамлекет башчынын администрациясындагы өз булактарына таянуу менен билдиришүүдө. Бул чечимге эмне себеп болгонун билүүгө мүмкүн болгон жок.
Президенттин маалымат катчысы жана мамлекет башчынын аткаруу аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп былтыр декабарда дайындалган.
Комил Алламжонов 1984-жылы туулган, 2006-жылы Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун, 2010-жылы Ташкент мамлекеттик экономика университетин бүтүргөн.
2005-2009-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы бөлүмүн жетектеген. Avtotest автомектебинин, «Солик инфо» гезитинин негиздөөчүсү, бухалтердик ишмердүүлүктү автоматташтырган BEM программасын жана башка долбоорлорду иштеп чыккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ