Menu

Турсунбек Акун: Президент адабият, искусство тармагына абдан жакшы көңүл бөлүүдө

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, улуу Айтматовго бийликтин мамилеси кандай болуп атат, эмнени байкап атасың?

– Быйыл заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өлкө аймагында кеңири белгиленип атат. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму да четте калган жок. Чыңгыз Төрөкуловичтин кадыр-баркы Лев Толстой, Уильям Шекспир ж.б. дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучулардын катарында экенин башка да чет элдиктер саймедиреп келишүүдө. Ал эми биздин бийликтин мамилеси салыштырмалуу мурунку бийликке караганда карыш-карыш, сөөм-сөөм жогору болуп атканы байкалууда. Өңгөсүн айтпаганда да, өлкө президента Сооронбай Шарипович Анкарага барып, Айтматовдун айкелин салтанаттуутүрдө ачып келди. Ачып эле там калбай, Төрөкуловичке байланышкан маданий иш-чаралардын баарына катышты.

– Америкадагысычы?

– Ии, а жерде да ажобуз ООНдун ассамблеясында маңыздуу сүйлөп, Чыңгыз Айтматов жөнүндө жакшы ойлорун айтты. Кайсы район, облустарга барбасын айтып эле атат. Айылы Шекерге барып, үй музейинин акыбалы менен таанышып келди. Азыркы бийлик маданият, искусство тармагына абдан чоң көңүл бөлүп, андагы эмгектери сиңген көрүнүктүү адамдарга жакшы көңүл бөлүп, маани берип атканы байкалат.

– Жен эле урдура бербей мисалы менен айта кетсең?

– Бакиевдин тушунда Айтматовду Брюсселде элчилик кызматтан алып койгон. Аны баарыбыз эле билебиз. Анын арты эмне менен аяктаганын да эл билет, туурабы? Ал эми азыркы бийлик тескерисинче, Айтматовдун кылган эмгегин жогору баалап, баалап эле там калбай, 90 жылдык иш-чарасын татыктуу өткөрүүгө жапатырмак киришүүдө.

– Азыркы бийлик маданият жана искусство тармагына деп барып токтоп калдың…

– Ага деле мисалдарым факты менен толтура. Алыс кетпейли, кечээ жакында эле Айтматовдун «Жамиля» тасмасындагы Сейиттин ролун аткарган Насредин Дубашевге КР эмгек сиңирген артисти наамын берди. Таптакыр унутта калган эле да. Ушу жерден токтоп бир нерсени кошумчалап айта кетпесем болбойт. Бу жерден мурунку бийликти жамандап, азыркы бийликти кошомат кылып мактайын дегенден такыр алысмын «Сөздү убагында айтпаса атасы өлөт» деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, ошо наам берүүдө аябай калыс, адилеттүү жана абдан туура берилди да. Анысы ал, жанагы акын-жазуучуларга да берилген наамдарга абдан ыраазы болуп атам. Ал эми сиздердин журналистика тармагында Улан Эгизбаевге жана Бурулкан Сарыгуловага сыйлыктар туура берилди. Бир сөз менен айтканда, азыркы бийликтин Айтматовго жана искусство, адабият тармагына жакшы көңүл бөлүп атат. Башка сөзүм жок.

– «Кошомат» деп кеттиңиз, «шектүү шекинет» эмеспи?

– Жок ай. Биз качанкыга чейин куру эле сындай беребиз? Учур келди, жакшы иш кылып атканын «жакшы» деп эле айтышыбыз керек. Билесиз да, «жамандын түбү жаман»…

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: