Menu

КР Коопсуздук кеңешинин Таалайбек Исаевдин райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге байланыштуу кайрылуусун кароонун жыйынтыктары тууралуу маалыматы

Бөлүшүү:

Эмилбек Тарыхчиев.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү калк менен жолугушуусунда (2018-жылдын 15-августу)  Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун жашоочусу Таалайбек Исаев «кызматтык иш бөлмөсүндө токмоктоп жана аны жаракат келтирүүчү тапанча менен бир нече жолу аткан» райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге карата козголгон кылмыш ишин контролго алуу өтүнүчү менен кайрылган.

2018-жылдын 12-сентябрында басма сөз-конференциясында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бардык материалдар изилденип, юридикалык баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилгенин билдирген.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, кароонун жыйынтыктары боюнча азыркы кезде жабырлануучу Таалайбек Исаевдин соттун чечимдерин жокко чыгаруу жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш өндүрүштү кайра жандандыруу тууралуу арызы Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан каралып жатат.

Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү боюнча Эмилбек Тарыхчиев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 105-беренесинде каралган кылмышты («Атайылап денеге оордон төмөн зыян келтирүү) жасаганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок мурда жарыяланган мунапыска байланыштуу Эмилбек Тарыхчиев жаза өтөөдөн бошотулган.

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын 20-сентябрындагы буйругу менен Эмилбек Тарыхчиев аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматынан бошотулганын белгилей кетүү керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: