Menu

Раим Матраимов, кана, жүзүңүздү көргөзүп коюңузчу?

Бөлүшүү:

Баланча той бериптир ошол тойдун көзүрү Раим Матраимов болуптур. Мына деп туруп 14 миллион сомдук унааны ортого койуп, тойго келгендердин оозун эки саат ачырыптыр деген уламышты чубаткандар толуп кетти. Мыктыбек ымдаса деле, Акматбек чакырса деле сыйлуу төрдө отурган көпөс Раимге неге мынчалык суктанышты десек жообу даяр экен. Көрсө биз дале болсо байлардын сүйлөгөнүнө, ырдаганына, белек бергенине суктанып, узун сабак кеп кылат экенбиз. Ушуга биротоло көнүп бүтүптүрбүз.

Анда эмесе мындай бир кулак кагыш кылалы Матраимовго. Урматтуу Раим мырза, сиздин акчаңыз самандай басылып жатканын билебиз. Бирок, кембагалдардын бирөө да жалдырап сизге акча сурап барбайт. Анткени сиз акчаны эсеби болбосо, пайдасы тийбесе бербейсиз, чынбы? Ошондуктан бир собол таштайлычы? Атайын эсепке 10 миллион сом салып, мына мен өлкөнү карыздан куткарууга салымымды коштум дегенге эркиңиз жетеби? Негизи сизде мекенчилдик сезим жашайбы? Мактанып өкүл ата болуп миллиондорго унаа сатып белек кылган бир кеп, ал эми мамлекет үчүн тик туруп үлүш кошуу таптакыр башка өңүттөгү маселе. Кана, өзүңүздүн жүзүңүздү эл алдында көргөзүүгө эркиңиз бар экенин далилдеңизчи, бир көрөлү!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: