Menu

Адвокат: УКМК Сапар Исаковдун жубайына жана ата-энесине катталган мүлктөрүн конфискация кылганы жатат

Бөлүшүү:

Адвокат Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине Сапар Исаковдун жакындарынын үй-жайын баалап чыгууга тапшырма берилгенин айтып чыкты.

“Катылган алтыны, банк эсептери жок экенин көргөндөн кийин эми алар анын жакындарынын мүлкүн камакка алып, тартып алганы жатышат. УКМК кызматкерлери анын жубайынын ата-энесинин батирин баалап чыгууга санкция алышты” деп жазды Токтакунов 4-октябрда “Фейсбуктагы” жеке баракчасына.

Журналисттер бул билдирүүнү такташ үчүн УКМКга кайрылды. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тергөө жүрүп жатканын, бирок жогоруда айтылгандай маселе көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште “саясий боёк” бар экенин айтып келет.

УКМКнын тергөө изоляторунда отурган Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: