Баягы темир жол бажысын бажарган Нурбек Айбашев деген неме кармалганда коомчулук бир дүңгүрөбөдү беле. Үйлөрүн, унааларын көрүп. Бирок ошол бойдон жымжырт болуп кетти. Бул боюнча тиешелүү органдар да оозуна кум куюп алгандай үн ката элек. Же аны да утурумдук саясий пиар үчүн жасашканбы? Болбосо Айбашевдин тагдыры кандай чечилгенин айтышмак да. Бизде далай иштер убакыттын өтүшү менен дым-дым болуп тынчыган маалда жең ичинен тымызын бүтүп кетмей жайы бар эле… «Жашылбайлардын» күчү менен. Ошондой болгон жокпу? Ауу, тергөөчү органдар, качан маалымат бересиңер?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ