Menu

Аскар Медетов адабий сынды жандандыруу аракетинде

Бөлүшүү:

Союз тарагандан бери адабий сын күмжам болуп, жазмакерлер чаржайыт кетти. Анын кесепетинен улуттук адабият аксап, өнүкпөй калды. Бул коомду деградация кылуучу фактор экени талашсыз. Дегенибиз менен профессор, филолог, белгилүү адабий сынчы Аскар Медетов бир топ убакыттан бери сын жанрына жан киргизип, көчтү улаганга аракеттенип, маңдай терин теге баштады. Бирок, ал аракет өздөрүн дөө-шаа сезип алган жазмакерлер чыгармачылыктагы кемчилигин айткан кишиге ыраазы болуп өзүн өзү оңдобостон, тескерисинче Медетовдун дарегине таш ыргытып, каяша кылууда. Аттиң десе, «Түз айтсаң тууганыңа да жакпайсың» деген сөз бекеринен калган эмес экен да. Бирок, Аскар Медетов баштаган ишти жалпы эл колдойт. Чиновниктер коррупцияга батса, адабиятчылар ыпыр-сыпыр аралашкан кризиске чулганып, басымдуу бөлүгү «халтурщик» болуп калганы жашыруун эмес. Муну эми Медетов баштаган сын гана тазалайт. Арышыңыз арта берсин, Аскар мырза!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: