Menu

Комитет башчылыгын Сыдыковго неге ыраа көрүшкөн жок

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жогорку даражадагы аты болгону менен иш жүзүндө өлөсөлүү абалда иш алып барып жатканы каңкууланууда. Бул комитети Марат Аманкулов жетектеп олтурган кезде сын-пикир айтылчу эмес эле, кечээ жакында Махабат Мавлянова келгенден бери иш алып баруу солгундап кеткенин каңкуулашууда. Махабат айым кечээ кытай жарандарын бизге визасыз киргизели деген сунушту айтып сынга да кабылды. Тереңирээк ойлонгон адам, өлкөнүн келечегин ойлогон адам ушинтип сүйлөйбү? Жогорку Кеңештин бакандай бир комитетин тескеп олтурган жетекчинин бул демилгени көтөрүшүнө эмне түрткү болду, каражанына эмне күч келди экен?! Же эмне бирөөнүн «айдагы» менен айттыбы? Мамлекеттин кызыкчылыгын уруп ойнобогон Мавляновага караганда депутат Бактыбек Сыдыковдун талапкерлиги туура болмок. Бул тармакты мыкты билген жетекчи эле. Атанын тарбиясын алган Бактыбек мырза лидер катары өзүнүн мыктылыгын көргөзө алмак. Бирок, ичине таруу айланбаган эргулдар Сыдыковго ыраа көрүшкөн жок. Ишенич артылса иштин көзүн ушул Бактыбек Үсөнович таап кетмек…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: