Өткөн жумада экс-спикер Ахматбек Келдибеков уулу Бекболотту үйлөнтүп, чоң той өткөрдү. Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартты. Чет жерден атагы чыккан ырчылар келип обон созсо, бели кындай, бети айдай болгон ай-чырайлуу кыздар бий бийледи. Кыскасы, шаң-салтанат менен коштолду. Бизге кызыгы, уулуна өкүл ата кылып «Раим миллион» деген каймана аты бар белгилүү көпөс Раим Матраимовду шайлаганы болду. Кудалары казакстандык уйгурлар экендигин билдик. Баса, Ахматбек мырзанын шилекей алышкан кан досу, ЖК депутаты Улукбек Ормонов да уйгурларга күйөө баласы экенин эске ала турган болсок, уулуңуз аяш атасы Улугбек мырзанын жолу менен кетсе жаман адам болбойт. Келин кут болсун, Ахмат мырза!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ