Menu

Атамбаевдин бул билдирүүсү эмне максат менен таратылганын түшүнгөн жокмун

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коррупция, коррупцияга шектелген жакындары тууралуу билдирүү таратты. Ал билдирүү боюнча коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өз пикирин «Фейсбук» баракчасына мындай деп жазып чыкты. Каптагаевдин пикирин өзгөртүүсүз беребиз:

“Жарымы төгүн, жарымы чын…” деп айтылгандай бүгүнкү Атамбаевдин энергетика тармагы, анын ичинде Бишкек ЖЭБиндеги авария жөнүндө саймедиреп жазганы да ошондой эле болуп калыптыр… Толук айтылбаган ЧЫНДЫКты чындык дебейт…Жарым чындык деген КАЛП болот.

Чынын айтсам Атамбаевдин бул билдирүүсү эмне максат менен таратылганын түшүнгөн жокмун. Анткени азыр тергөө иштери жүрүп жатат, бир топ киши камакта отурат, жакында сурак бүтсө сот болот, мына ошондо чыгат да ачыкка иштин чоо жайы. Мына ошондо тергөө жарыя кылган фактылар боюнча жооп берүүгө болот эле го… Ал эми Атамбаев болсо азыртадан эле тергөө иштерин жокко чыгарып, ачыкка чыккан фактыларды танып, камалгандарды актап салып жатпайбы… Ушул акылга сыйар ишпи…? Азыр анын: “…баары сонун болгон, баары туура болгон, камалгандардын баары ак…” – деп айтып жатканына ким ишенет деги?

Макул деп Бишкек ЖЭБине ишенейин десең бул жакта Тарых музейи турат, ага деле көз жумайын десең тиги жакта Максим Бакиевдин жерине салынган Хансарай турат элдин бүйүрүн кызытып…Ошол эле “Датка-Кемин” проектисин, Түндүк – Түштүк жолун кайра текшериш керек деп депутаттар чырылдап жатышат… ал жактан дагы бир балее чубалып чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Шаан-шөөкөт менен салынган Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча да кылмыш иши козголду…Башында 650 млн сомго бүтөт деген ат майдан аягы барып 1 миллиард 650 млн сомго бүтүп жатпайбы… “Манас” аэропортун, “Кумтөр” алтын кенин, Нарындагы ГЭСтин курулушун, Бишкек шаарындагы жер сатуу деген иштерди айтпай эле койо туралы…булардын ар бири өзүнчө узун жомок.

Атамбаевдин энергетика тармагын шумдуктай кылып оңдоп жибердим, мага чейин эч кимдин мээси жеткен эмес дегендей кылып бүтүндөй ишти өзүнө карай оодарып, өз көмөчүнө күл тартып жатканы таптакыр шоона эшпейт… Анткени “Датка-Кемин” тиги Акаевдин учурунда эле талкууланып, ошол мезгилде эле чечим кабыл алынган… “Датка” станциясы Акаевдин учурунда башталып, Бакиевдин тушунда курулуп-курулуп жүрүп отуруп 2012-жылы Атамбаевдин тушунда бүтүп калды болгону… Ал эми Бишкек ЖЭБин кайра калыбына келтириүү ишин Максим Бакиев Кытайга барып сүйлөшүп келгенин элдин баары билет. Бирок ал 150 млн долларга деп сүйлөшсө эмне үчүн аны Атамбаев 386 млн долларга көтөрүп жиберди? Бул суроого жооп жок.

Туура, энергетика тармагын оңдош керек эле, аны эч ким жок деген жок. Туура, жолдор дагы оңдолуп, кайра курулушу керек эле, аны да эч ким жок дебейт… Бирок ошол оңдойбуз, курабыз деп Кытайдан карызга алган акчанын ар бир тыйынын сарамжалдуу пайдалануу зарыл эле да… Мына, 600 долларлык аттиш, музейге алынган 22 миң евролук ( 1 миллион 650 миң сом) желим ат ооздон-оозго өтүп аңыз болуп айтылып калды… Эң кейиштүүсү ал карыздар үстөк пайыздары менен айланып келип эле элдин башына түшкөн мүшкүл болуп жатпайбы… Коңшу эле Тажикстан 300 млн доллардын тегерегиндеги акчага жапжаңы электрстанция куруп жатса, биз үстөгү менен 500 млн долларга иштеп жаткан ЖЭБдин болгону 30 пайызын оңдодук деп мактанганыбызга жол болсун!

Айтпайын эле дейсиң, “айткандын оозу жаман…” дегендей болбой… Бирок асмандан эми эле түшө калгансып “билдирүү” таратканын, анысы менен чаң сапырып, тумандатып элдин башын айлантууга, коомчулукту алдоого аракет кылып жатканын көрүп туруп тынч да отура албайт экенсиң…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: