Тажикстандын демократиялык партиясынын төрагасы Саиджафар Усмонзода (оңдо). Архив сүрөт.
Тажикстандын демократиялык партиясы төрагасы Саиджафар Усмонзоданы кызматтан алуу максатында уюштурулган кутум ачыкка чыкканын билдирди.
Маалыматка караганда, партия лидеринин кутум уюштурууга айыпталган эки орун басары – Хикматулло Саидиён менен Ахмадшо Комилзода партиянын катарынан чыгарылып, дагы бирөө — Табарали Зиёевге сөгүш жарыяланды.
Партиянын Шохмансур райондук бөлүмүнүн төрагасы Мирзо Нуриддин кутум уюштургандардын максаты партия башчысын жаманатты кылып, кызматтан кетирүү болгонун айтты.
«Алар жашыруун чогулуп, башкармалыктын мүчөлөрүн 30-сентябрга белгиленген партиянын жогорку кеңешинин жыйынына барбоого үндөшкөн. Алар эртеси өз алдынча чогулуп, Саиджафар Усмонзоданын төрагалыктан кеткенин жарыялоону пландашкан. Бирок булардын жаман ою белгилүү болуп калып, жогорку кеңештин жыйынына башкармалыктын 17 мүчөсүнүн 13ү келди», – деди Мирзо Нуриддин.
Кутум уюштурууга айыпталган Хикматулло Саидиён аларда башкармалыктын жыйынына бойкот жарыялоо жана партия ичинде төңкөрүш жасоо ниеттери болбогонун билдирүүдө. «Биз төрага менен ачык сүйлөшүүнү каалаганбыз. Партиянын ишин активдештирүү зарыл болчу. Жакында эле биз 13 районго барып келдик. Алардын биринде да партиянын бөлүмдөрү жок экен», — деди ал.
Тажикстандын демократиялык партиясы 1991-жылы түзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, учурда өлкөдө анын 20 миңге жакын мүчөсү бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ