Menu

Эки тоонун чөбүн эңсеген “үч мушкетер”

Бөлүшүү:

«Саясатта досчулук болбойт, жеке кызыкчылыктар гана болот» деген принципти кыргыз саясатчылары иш жүзүндө ийгиликтүү колдонуп келишет. Партиядан-партияга секирип, келгин куштар сымал жагымдуу сунуш түшсө «жылуу жайларга» учуп кете берет. Элдешкис достор бири-бирине кучак жайып, ажырагыс достор араздашкан учурлар арбын. Сөзүбүздүн төркүнү эл арасында «үч мушкетер» атка конгон үч саясатчы тууралуу болот. Тагыраак айтканда эки саястчы, бир журналист. Булар Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Алтынбек Жумаев. Достугубуздун урматына деп, А.Келдибековго тишелүү болгон «НУР» телеканалынын юридикалык аталышын «ААК» ЖЧКсы (ААК – Ахматбек, Алтынбек, Камчыбек) деп негиздеген. Эң кызыгы, ушул үч саясатчы учурда үч башка саясий көз карашты карманып келет. Ташиев акыркы учурда саясаттан алыстап, өлкөдө болуп жаткан процесстер туурасында өз оюн так билдире элек. Башкача айтканда «нейтральный» позицияны кармап тургансыйт.

Келдибеков болсо «Атамбаев менен бир дааратканага чогуу кирбейм» деп, экс-ажого болгон «сүйүүсүн» ММКлар аркылуу айтып келет.

Ал эми бир нече жылдан бери Атамбаевге таандык «7 каналын» жетектеп келген Жумаев, бизге жеткен маалыматтар боюнча «Форум» имаратына эки күндүн биринде баш багып, саясатчы досторунан уккан маалыматтарды экс-ажонун кулагына шыбырап, «маалыматтык согушту» кандай жүргүзүү керектигин айтып турат экен.

Эмнеси болсо да, Алтынбек мырза бирде «Форумга» келип экс-президент Атамбаев менен чай ичип, бирде Келдибеков менен ресторанда сөөк жеп отурганы бир гана нерсени айтышы мүмкүн. Келдибеков менен Ташиев саясий жактан тажрыйбасы аз Жумаев аркылуу экс-ажо менен байланышты кармап турууну көздөп жатышат.

Эмне дейбиз, «эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка калат» дегендей, бул саясатчыларыбыз да адаттагыдай «ачка калбаса» эле болду.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: