Menu

Айтмамат Кадырбаев кайырмакка илинди

Бөлүшүү:

Ош мэриясында майыптарга делген батирлердеги көз боёмочулук менен бөлүштүргөн мыйзамсыз иш ачыкка чыкты. Мэрия тарабынан 2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген 66 жаранга «Анар» кичи районунан батир бөлүнүп берилгени аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 тургундун «кыймылсыз мүлкү жок» деген жалган документ толтурганы, 31 киши батир алганга чейин Жалал-Абад, Ош облустарынын бир канча райондорунда жана Бишкек шаарында жашагандыктары такталды. Мындан тышкары 9 киши 3-топтогу майып деген кагаз менен батирди мыйзамсыз алганы ачыкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Мындай мандемдүү иштер Ош шаарын Айтмамат Кадырбаев жетектеп турган учурда болгон. Демек, Кадырбаев бийликтин кайырмагына илинди десек болот.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: