Menu

Түштүк Кореянын мурдагы президенти 15 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мён Бак.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мён Бак коррупция айыбы менен 15 жылга соттолду. Андан тышкары ал 11 жарым миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Сеулдагы соттун чечимине таянып Reuters агенттиги билдирди.

Прокуратура мурдагы президентти 20 жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот отурумуна экс-президенттин өзү катышкан жок.

Ли Мён Бак 76 жашта. Түштүк Кореяны 2008-жылдан 2013-жылга чейин башкарган саясатчы быйыл жазында пара алууга айыпталган. Андан тышкары ага салык төлөөдөн качуу, бийлигин пайдаланып кыянат кылуу жана шайлоо мыйзамдарын бузуу айыптары тагылган.

Былтыр пара алуу жана кызматын кыянат пайдалануу беренеси менен өлкөнүн дагы бир мурдагы лидери Пак Кын Хе 24 жылга соттолгон. 2009-жылы жемкорлукка айыпталган экс-президент Но Му Хён өз жанын кыйган. Учурда Түштүк Кореяны Мун Чже Ин башкарууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: