Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин Турак жай коммуналдык чарба тармагын тейлеген орун басар болуп бекиди. Бийликке ар дайым сын айтып, митинг болгон жерден төбөсү көрүнгөн Мавлян мырза эми өзүн иш менен көрсөтүшү керек. Кыйкырып сын айткан учур ушуну менен бүттү. Сын менен иштөөнүн айырмасы канчалык экенин жон териси аркылуу өткөрүп, элге жарыгы тийчү иштерди жасай алабы чоң суроо… Ал эми кызматка келип калганы боюнча: «Азыр бийлик алмашты. Мурунку жетекчилик менен пикир келишпестиктер болгон. Эми иштеп көрүүнү чечтим», – деп билдирип, ошол эле кезде «Мен кандайдыр бир чечим кабыл албайм, мен биринчи орун басар эмесмин», – деп өзүн жоопкерчиликтен качырып буйтаптыр. Башкача айтканда, катардагы көптүн бири болоорун айтыптыр.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ