Menu

Президент коррупция менен күрөштө жалгызбы?

Бөлүшүү:

Кулактын учуна чейин коррупцияга баткан Кыргызстандай мамлекетте аны менен күрөшүү оңой болмок эмес. Кыргызстанда коррупционерди эмес, ага аралашпаган тазаны табуу кыйын. Чындап эле “Кыргызстандагы бүт коррупционерлерди камайбыз”- десек түрмө чак келбейт. Студенттик жатаканаларды бүт түрмөгө айландырсак да жетпейт.

Бирок кимдир бирөө ушундай коррупцияга карата иш баштап коомду, керек болсо ошол коррупционерлердин өздөрүн да ойготушу керек эле. Баарыбыз, “Биз кайда баратабыз? Ыймандан ушунчалык тайдыкпы? Уурулук акмакчылык эмес — ​эрдикке айланып калдыбы? Мамлекетибизге болгон ушундай мамиле улана берсе эгемендүүлүгүбүздөн айрылып, талкаланып жок болобуз го?”- деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө жакындарыбызга, кошунабызга, коомчулукка беришибиз керек болчу. Болбосо коррупциялык иш жасоо көнүмүшүнө айланып карта оюнундагы “кто дальше”- дегендей “Мамлекеттик байлыкты кимибиз көп жей алабыз”- деген мелдешке өтүп калган.

Коомчулук бүгүн силкинип турат. Баарыбыз эле билчүбүз азыркы камакта жаткандардын коррупционерлер экенин, бош жүргөндөрдүн деле дээрлик баарын билебиз. Ал түгүл тойго чакырса барып сыйын көрүп жүрөбүз. Алар да уялбай тим эле тээ ата-бабасынан алтын казына мураска калгансып миллиондон өтүп миллиардга эчак жеткен байлыгын, кабат — ​кабат үйлөрүн, минген машиналарын көрсөтүп мактанышууда. “Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштешпеди беле. Алган айлык маяналары керек болсо сеники менен меникинен да төмөн болчу. Анан кантип маарып кетти”- деген суроо берүүнүн өзү бүгүнкү күндө келесоолук.

Мамлекеттик кызмат деген “Мамлекеттик казнадан шылуундугуңдун, акылыңдын, жөндөмүңдүн жетишинче уурдап, тоноп, байый турган бизнес- структура”- дегенге айланганын тээ Аскар Акаевдин Президент болгон жылдарында бир Өкмөт башчыбыз “Бүгүн келесоолор гана ичип-жеп, уурдабайт”- деп таамай айтып, аныктама берип койгон.

Ошондо эле коом ирий баштаган. Барыбыз көрмөксөн билмексен болгонбуз. Ал түгүл андай коррупционерлерди тактан түшүрбөй, болбой калганда депутат кылып шайлап келатабыз. Ичкен жегенинен итке сөөк ыргыткансып анда-санда бир нерсе ырымдап койсо “Көпүрө салды, жол оңдотту, мектепти оңдоого жардамдашты”- деп мактап келатабыз. Алар да уурулугуна, ичкич- жегичтигине, ыймансыз акмактыгына, дардайып мактанып, эл астында төшүн керип басып жүрүшөт. Коррупционерлерге карата элдин жек көрүү сезими толук ойгонбой жатат. Коомчулуктун көздөрү “дубаланып” байлануу болууда. Муну толук ачууга, “дубасын” жандырууга карата иш жүрбөй, тескерисинче аларга дем берген иштер болуп келгенин моюнга алганыбыз туура го.

Эгер элдин ырыскысын ичип- жеген бир коррупционерди мамыга байлап коюп, бүгүнкү 120 депутаттарга кайрылып “Коррупцияга таптакыр илинген эмесмин, таптазамын”- дегениң таш менен ушул ууруну ургула десе ичинен бир таш көтөрөрү чыгаар бекен. Чыкпайт. Ошондон эле биз кимдерди төбөбүзгө көтөрүп жүрөбүз билсек болот.

Президент коррупционерлерге карата иш баштаганда эле кылтакка илингендери туура анын жанында жүргөндөр, болгондо да керек болсо Президент болуп калышына өзгөчө эмгек өтөгөндөр болду.

Бир эле ТЭЦтеги коррупциялык иштер боюнча камоолор жүрдү. Эгер эл оозундагы өтө көрүнүктүүлөрүн атасак алдыда Тарых музейи, Датка-Кемин чубалгысы, “Кемин”,”Датка” электр чордондору, Түндүк-Түштүк альтернатива жолу сыяктуулар турат. Ошондо камалуу кезегин кимдер күтүшүүдө? Алар дагы канчага бозоруп күтүшөт? Балким коррупция менен болгон күрөш ТЭЦ менен токтогондур. Анда тигилерди, элди саргартып күттүрбөй ачык айтып коюш керек го.

Кезектеги камалуучуларды деле алыстан издебейсиңер. Көрөсүңөр башталса Президенттин тегерегинде жүргөндөр болуп чыгат. Болгондо да бүгүнкү күнгө чейин таасирлүү кызматта иштеп келаткандар илинет. Алар Президентке жоолуккан сайын өңдөрү бозоруп, ачык айтышпаса да “Чын эле мени да каматасыңбы?” — ​дешкенсип көздөрүн жалдыратып карашууда.

Президент болсо элге бир эмес бир нече жолу убада берип алган, “Коррупция менен күрөшүүдө эч кимди аябайм. Бир тууганым коррупционер болсо да аябайм”- деп. Балким чын эле аябаса аябастыр. Бирок ким менен иштешет? Бүгүн коррупционердин ана башчыларынан суранып, “Коррупция менен болгон күрөштү күчөтөлү. Иш солгундап кетти. Эл эртең сурайт “Ишиңерден майнап чыкпай атат.”-деп, кыймылдасаңар боло. Эмне ыргылжың болосуңар”- дегендей иш болуп атат го. Тигил кургурларың болсо “Иштеп атабыз”- дешип баштарын шылкыйтышууда. Анан кантишмек “Мени баш кылып камай бериңизчи”- демек беле.

Ошондуктан суроо коюп атабыз “Президент коррупция менен күрөшүүдө жалгыз болуп атабы?”- деп. Ооба жалгыз болуп атат. Жалгыз болгону улам убакыт өткөн сайын ачык көрүнө баштады. Ачуу болсо да айталы бийликке коррупционерлердин командасы менен келип кайра аларга каршы күрөшүп чыкса жалгыз калат да.

Бүгүн эл арасында “С. Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүгө күчү жетпейт окшойт. Иши жылбай атат”- деген пикирлер көп айтыла баштады. Баягы бир канча жогорку бийликтегилерди камап ийгенде дуулдап колдогон коомчулук убакыт өткөн сайын ыргылжың абалга келип, маанайлары салкындап Президентке болгон ишеним кайта баштаганын эмитен ачык айтуубуз керек.

Бүгүн коомдогу абал оор. Элдин коррупционерлерге болгон кыжырлануусу ойгонуп калды. Турмуш абалыбыздын начардыгына, мамлекетин өнүкпөй атканына кимдер күнөөлүү экенин эл ачык билип көздөрү ачылды. Эми бул процессти токтотуу кыйын. Керек болсо мүмкүн да эмес. Тосмо ачылды. Агым кетти.

Президент үчүн бир гана жол бар. Ал тез арада чечкиндүү кадамдарга барып, бардык иште колуна кол, бутуна бут болуп иштеп берүүчү ишенимдүү өз командасын түзүп элдин, коомчулуктун колдоосуна таянуу менен баштаган ишин аягына чыгуу үчүн жаңы дем менен күчөп иштеши керек.

Маселе бүт каматууда деле эмес. Мамлекетте “Коррупцияга аралашып калган”- дегенге шеги барлар камалбаса да эл алдында баскандан тартынып башын каткыдай, коррупционерлер дардайып мактанбай уялып шүмүрөйгүдөй абалга жеткирген абалды түзүп, мамлекетин бир тыйынына карасанатайлык кылуу, коромжуга учуратуу элдик жек көрүүнү пайда кылгыдай идеология жаралышы зарыл. Эл коррупционерди “Сен уурусуң”- деп бетине түз айта баштаганда, жийиркенип карай баштаганда алар камакта жаткандагыдан да жаман абалга кабылышат. Коррупционерлер эл аралап баса албай калгыдай кырдаал түзүлүшү керек. Ошондо гана Президент туура багытта бараткан болот. Коомдогу күчтүү колдоого ээ болуп иши жылышат.

Эгер ушундай кадамды жасай албаса, тарткынчыктаса, убакытты өткөзсө анда коомчулуктун ишениминен чыгат. Өзүн бийликке алып келген команданын бүгүн ага бери дегенде 90 пайызы каршы экенин түшүнүшү керек. Таянганы бир гана элдин ага болгон ишеними. Коомчулук катуу колдоого алгандыктан гана тиш кайрагандар унчуга албай убактысын күтүшүүдө. Болбосо эки чайнап бир жуткусу келгендер жанында эле отурат. Убакыт күтпөйт. Учурун өткөзүп жиберсе тескери процесс башталат. Анда эл ишенимин кайра буруш кыйын болуп калат. Колтугунда отургандар андай тескери процесс башталаары менен илип кетет да ого бетер ылдамдыкты күчөтөт. Коомчулуктун ишениминен чыкса таза жалгыз калат. Аржагын айтпасам да түшүнүктүү.

Чолпонбек Абыкеев

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: