Menu

Кош жарандуу депутаттар менен министрлерди качанга чейин калкалайбыз?

Бөлүшүү:

Бизде башка өлкөнүн жараны болуп туруп, кыргыз паспортун мыйзамсыз алып, жогорку кызматтарда иштеп жүргөндөрдү санай берсең оголе көп. Алар Кыргызстанга тыңчылык менен келип, мамлекеттик сырды ташып жатабы же жокпу текшерген адам жоктой. Чет өлкөнүн жараны экенин жашырып, бул жакта кызматтан-кызматка көтөрүлүп, кыргыз эли төлөгөн салыктын эсебинен айлык-акы алып, бекер унаага ээ болуп, бизнесин жолго салып алгандарды качанга чейин тайраңдата беребиз? Алар өз жазаларын алышы керек да. Жогорку Кеңештин депутаты болгон Жыргалбек Саматовдун башка өлкөнүн жараны экени айтылып, ызы-чуу болбоду беле. Ал адам Илмияновдун жанында  эч кимди тоготпой жүрбөдүбү. Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны деп кылмыш иши козголду. Ал иштебеген кызмат калбады го Кыргызстанда. Дамирбек деген депутатыбыз казак жараны экени билинип, казактар контрабанда менен алектенген деп камап олтурат. Азыр парламентте иштеп жаткан Бахадыр Сулейманов казак жараны экени документтер менен тастыкталып жатат. Буларга эмне үчүн кылмыш иши козголбойт ыя?

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: