Menu

КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон

Бөлүшүү:

Учурда КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин да креслосунан ыргытылаары туурасындагы айтылган айың кептер чындыкка жакындап ба­ратат. Абдылдаев жөн эле кыз­матынан алынбастан ага кара­та «Коррупция» беренеси боюн­ча кылмыш иши козголуп, те­мир тордун ары жагына кирип калышы тууралуу сөздөр Ак үй­үндө да, Көк үйүндө да, жалпы эле маалымат талаасында ай­тыла баштады. Анан калса азы­ркы тапта УКМК тышкы иштер министри Э. Абдылдаевге жана анын айланасындагыларга ка­рата текшерүү жүргүзүп жатка­ны ачыкка чыкты. Бул тууралуу юридика илимдеринин док­тору, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Ошон­дой эле ал Абдылдаев тууралуу айрым фактыларды аныктоо ириетинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына чакы­рылып, алардын суроолоруна жооп берип чыкканын, аталган комитет Абдылдаевдин иштерине өтө катуу көзөмөл кылып жатканын билдирди. Ал эми сурак эмне туурасында бол­гонун К. Осмоналиев мыйзам­ды сыйлаган адам катары аки- чүкүсүн айта албаарын, антке­ни суракта кандай нерселер ай­тылганы же суралганы боюнча жарыя кылбоо үчүн атайы тил кат жазып бергенин билдирди. Эмне үчүн Кайрат Осмонали­евдин антип УКМКга чакырыл­ганына божомол салсак, мурда Осмоналиев Vesti.kg сайтына Башпрокуратура Эрлан Абдыл­даевге карата 2006-жылы эле «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогондугун жана ал кызматынан кыянат­тык менен пайдаланып, мам­лекетке ири өлчөмдө зыян кел­тиргендигин айткан эле. Бул болсо анын 2005-жылдары Кы­тайдагы Кыргыз Республика­сынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген жылдарга туура келет экен…

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: