Menu

Милана Сариева, ырчы: 12 жашымда жеке концертимди бергем

Бөлүшүү:

Бала кезинен ырдайм дегенде ак эткенден так этип, 7 жашынан бери музыкалык жаатта билим алып келе жаткан Милана Сариева бүгүн бизде конокто. Ал буга чейин бир топ сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багынтып өз өлкөсүнүн намысын коргогон. Ошондой эле жеке концертин берүүгө жетишкен жаш ырчылардын бири.

—Милана, кепти чыгармачылыгындагы жаңылыктарын менен баштасак, ал жаатта кандай жаңылыктар болуп жатат?

—Чыгармачылыгымда жаңылык эл катары жаңы чыгармалардын үстүндө иштөөдөмун. Күз да келди, ага байланыштуу «Күз кайрыгы» аттуу ырды жаздырып бүттүм, эми клип тартуунун үстүндөмүн. Музыкасы Райкан Бейшеналиеваныкы, сөзү Каныбек Иманалиевдики.

—Чыгармачылыкка канча жашынан бери аралашып келе жатасын?

—Өзүм мектеп жашыман эле ырдап келе жатам. Хорго, атайын ийримдерге катышып, үнүмдү таптап келдим. Апам мени алгач №9 музыкалык мектепке берген. Кийин П.Ф Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде билим алдым. Ал жактан комуз, фортепиано, кыяк аспаптарында ойноону өздөштүрдүм. Азыр болсо М.Курөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда комуз боюнча 4-курста окуп жатам.

—Сага ырдоо шыгы кимден берилген деп ойлойсуң?

—Негизи атамдын да, апамдын да үнү бар, жакшы ырдашат. Ошолордон өтсө керек. Той-топурда, туугандар арасында алар өздөрү үчүн ырдап жүрүшөт. Апам кичинекей кезинде комузга барган экен. Бирок кийин шартка байланыштуу комуз боюнча билимин уланта албай калган. Ошол тилегин орундатуу максатында мени да комузга берген.

—Быйыл жай айларында эл аралык сынакка катышып келгениң эсибизде. Кандайча катышып калдың эле?

—Ооба, жай мезгилинин башында Хакасияда «От ыры» аттуу эл аралык этникалык сынак өттү. Сынакка 25 өлкөдөн 18 жаштан өйдө катышуучулар катышты. Сынакка келген ырчылардын ар биринин өзүнүн өзгөчө үндөрү бар таланттуу адамдар экен. Сынак 2 күнгө созулду. Жыйынтыгында мен баш байгени утуп, жеңишке жетиштим.

—Сынакта сени колдоп, жардамдашкан киши болдубу?

—Сынакка катышуума Айчүрөк Иманалиева себепкер болуп калды. Ал мени бала кезден кандай ырдаарымды билет эле. Биз мын дан 2 жыл мурун дагы «Восточный базар» деген сынакка катышабыз деп даярданып бирок сынак болбой калып, биз барбай калган элек. Анан Айчүрөк Иманалиева «От ыры» сынагы тууралуу айтып, катышып көрүүмдү сунуштады. Ошентип катышып калдым.

—Жеңишин кут болсун дейли, мындан башка да сынактарга катыштың беле?

—Буга чейин 2015-жылы Африкада тил жана маданият күндөрүнө карата болгон сынакка катыштым. Андан кийин Америкада өткөн сынакка катыштым. Ал сынакка 3 кыз барганбыз. Мен фортепиано ойноп, ырдагам. Ошол экологияга арналган сынакта дүйнө боюнча 2-орунду камсыз кылганбыз. Быйыл май айында Париж шаарында «Этоль де Париг» деген сынак болду. Ал жактан 1-орунду жеңип келдим.

—Ыр куржунуңда чыгармаларыңдын саны канча?

Мен 2011-жылы жеке концертимди Опера жана балет театрында өткөргөм. Ошондо репертуарымда 10дон ашык чыгармам бар болчу. Ал эми азыркы ырларыма токтолсом Күз кайрыгы», «Алгач сүйүү», «Жаштык» аттуу чыгармаларды аткарып жүрөм.

—Ошондо канча жашында жеке концертиңди берген болосуң?

—2011-жылдын 12-майында туулган күнүм күнү алгачкы отчеттук концертимди тартууладым. 12ге толгон күнүм экен. Концертимдин баштан аяк иштерине апам жалгыз чуркап, баарына жетишиптир. Азыр ойлосом 10 киши бутурчу ишти жалгыз апам аткарып койгон экен. Ал кезде мен жаш болуп көп нерсени түшүнгөн эмесмин. Канат Култаевдин мектебинде да окуп калдым. Ал жактан ырдагандан баштап концертти кантип уюштуруу тууралуу окудук. Ошондо апамдын эмгегин түшүндүм.

—Азыр жаш ырчылардын саны өтө көбөйүп кетти. Кантип айырмалануу керек деп ойлойсуң?

—Туура, ырчылар көп. Ошого жараша ар ким өзүн ар тараптан көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок ар бир ырчынын өзүнүн үнү, стили болот, ага жараша күйөрманы болот дегендей… Буюрса жакында башкалардан айырмаланган өзгөчөлүк менен чыгайын деп турам. Ал азырынча сыр болуп турсун.

—Кайсы ырчыларды баалайсың?

—Кичине кезимден бери Мирбек Атабековдун күйөрманымын. Анын чыгармачылыгы өтө жагат. Кыздардан Жийдештин ырдаганы, стили жагат. Ал эми улуу муундан Айчурөк Иманалиеваны болуп көрсөтө алам.

—Алдыда кандай максаттар бар?

—Буюрса жаңы чыгармаларды жаратып, клиптерди тартуу пландар бар. Мындан тышкары эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышкым келет.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: