Menu

Катардагы кыргыз элчиси Нуран Ниязалиев Доха менен Бишкекти, Суракматов менен Аль-Наимини дос кылгысы келет

Бөлүшүү:

Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Доха Муниципалитетинин Директору Жамал Матар Аль-Наими мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жолугушууда, 2014-жылдын декабрында кол коюлган Бишкек жана Доха шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерин орнотуу жөнүндөгү Келишимдин алкагында, борбор шаарлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Бишкек шаарынын учурдагы абалы, соода-инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана А.Суракаматовдун борбор калаанын мэри болуп жаңы шайлангандыгы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек менен Доха ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара мамилелерди жандандыруу, анын ичинде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жөнүндөгү макулдашуулар жетишилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: