Menu

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 2018-жылдын 7-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, өз өлкөсүнүн жана россиялыктардын жыргалчылыгы үчүн  алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди кааалады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле ноябрь айында Астана шаарында өтө турган ЖККУ ЖКК сессиясын талкуулашты.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге туулган күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдогон.

Тексти:

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан каалоо тилектеримди кабыл алыңыз.

Россиянын элинин колдоосу жана сый урматына татыган Сиздин кесипкөй жана турмуштук бай тажрыйбаңыз мамлекеттик ийгиликтүү ишмердүүлүктүн бекем негизин түзөт.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп багыттуу маселелерди кенен талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзгөн Душанбеде өткөн КМШ мамлекет башчыларынын жыйынынын алкагындагы жакында болгон жолугушуубузду жылуу сезим менен эстейм.

Жетишилген макулдашуулар жана Сиздин жеке колдооңуз Кыргыз-Россия союздаштыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекемделишене жана өнүгүшүнө жакшы өбөлгө болот деп терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинге чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, өз өлкөсүнүн жана элинин жыргалчылыгы үчүн алдыга белгилеген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди жана жемиштүү эмгектенүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: