Menu

Жаклин Кеннеди тууралуу кызыктуу 10 факт

Бөлүшүү:

Американын ханайымы, сулуулуктун жана назиктиктин символу Жаклин Кеннеди өз учурунда өтө авторитеттүү айым болгон. Биздин доордун 60-жылдарынын жалпы аялзаты ага карай түздөнүп, андан үлгү алышкан. Эл аны Джеки деп да таанышат. Джекинин өмүр жолуна байланыштуу тарыхый кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

– ЖАКЛИН КЕННЕДИ VOGUE ЖУРНАЛЫНЫН РЕДАКТОРУ БОЛГОН

Күйөөгө чыкканга чейин Жаклин Бувье журналистика менен алектенген. 21 жашында Vogue журналында кичүү редакторлук кызматта эмгектенген. Жаклин аталган журналдын америкалык филиалында жарым жыл иштеп, кийин англиялык филиалына өткөн.

ЖАКЛИН КЕННЕДИГЕ ҮЛПӨТ КӨЙНӨГҮ ЖАКЧУ ЭМЕС

Гезиттердин биринде иштеп жүрүп Джон Кеннеди менен таанышып калат. Джон Кеннеди менен баш кошуу тоюна үлпөт көйнөгүн Энн Лоу аттуу дизайнер тигип берген эле. Бирок бул көйнөк Жаклинге такыр жаккан эмес. Ал эми келиндин чоң энесинен калган винтаждык фатасын көпчүлүк америкалык жаштар жактырышып, модага айлантышкан. Өз жубайын үлпөт көйнөгүндө көргөн Джон Кеннеди аны периштеге теңеген. Ошондон кийин Жаклинди Ак үйдүн периштеси деп атап калышкан.

ЖАКЛИНДИН АПАСЫ ӨТӨ ШААН-ШӨКӨТТҮҮ ТОЙГО КАРШЫ БОЛГОН

Үйлөнүү үлпөт тоюна аз калганда Жаклин апасы менен келечектеги кайнатасынын сөзүн кокусунан угуп калгандыгын эскерет. Апасы 1500 ден ашык конокту көп деп нааразы болуп жатканда кайнатасы: «Мисс Очинклосс, мен кыскасын айтайын. Сиз жөн гана кызыңызды күйөөгө узатып жатасыз, ал эми бул үлпөт тойдо мен АКШга өлкөнүн биринчи ханайымын тааныштырам», – деп жооп берген Джозеф Кеннеди. Джеки ошондо эле келечегинин кандай болоорун баамдаган.

ЖАКЛИН КЕННЕДИ «ЭММИ» СЫЙЛЫГЫН АЛГАН

1960-жылы АКШнын президента Джон Кеннеди бийликке келет. Ошол кезде Джекиде Ак үйдү реконструкциялоо мумкүнчүлүгү пайда болгон. Ал атайын комитет түзүп антиквариаттык эмеректерди, буюмдарды айтор Американын тарыхына байланышы бар заттарды сатып алган. 1962-жылы CBS телеканалы менен биргеликте америкалыктар үчүн Жаклин Акүйгө экскурсия жасаган. Өлкөнүн тарыхый мурасына кошкон салымы үчүн ага «Эмми» сыйлыгы берилген. Ал статуетка азыр Массачусетстеги Кеннединин Китепканасында сакталуу.

КҮЙӨӨСҮНҮН АЛА ЖИПТИ АТТАГАНДЫГЫНА КӨП ЖОЛУ КӨЗ ЖУМГАН

Тойдон кийин жомоктогудай сүйүү, китептегидей укмуш махабат акырындык менен соолуй баштаган. Баардык жагынан идеалдуу көрүнгөн Джон Кеннеди сыртта ар ким менен сүйүү романдарын курган. Айрыкча Мэрилин Монро менен болгон мамилесин бүткүл дүйнө жүзү кеп кылышат. Тар чөйрөдө Мэрилин Монро өзү Ак үйгө чалгандыгы тууралуу сөз айтылып келинет. Джеки буга жай гана: «Сонун экен. Андай болсо мен кетем, менин көйгөйлөрүмдү сиз чечесиз» деп жооп берген дешет.

КАНГА БОЁЛГОН КОСТЮМДУ ЧЕЧҮҮДӨН БАШ ТАРТКАН

Каргашалуу ноябрь айы. Джон Кеннединин Далласта болгон өлүмү бүткүл өлкөнү күтүүсүз абалга кептеген. Джон Жаклиндин колунда жан берген. Ошол убакта Жаклиндин күлгүн түстөгү Chanel костюму канга боелгон эле. Линдон Джонсон бийликке келүү үчүн (Кеннединин өлүмүнөн бир нече сааттан кийин) ант бергенде дагы Джеки ошол канга боелгон костюмун чечүүдөн баш тарткан. Себебин ал «Бүт эл билсин, алар эмне кылгандыгын баары көрсүн» деп түшүндүргөн. Ошондон кийин күлгүн түстөгү костюм каргашалуу ноябрды эстетип, эскерүү же аза кийими катары элдин эсинде калган.

ЖАКЛИН КЕННЕДИНИН РОБЕРТ КЕННЕДИ МЕНЕН МАМИЛЕСИ БОЛГОН ДЕШЕТ

Жаклин менен кайниси Роберт Кеннединин мамилеси тууралуу кагаз жүзүндө эч кандай далил болбогондугу менен убакыт өткөн сайын алардын сүйүү мамилеси болгондугу тууралуу кептер чыгууда. Замандаштарынын эскерүүсүндө Роберт жалгыз гана Жаклинди сүйгөн дешет. Джон каза болгондон кийин Жаклиндин жанында такай болуп, анын коопсуздугун өз мойнуна алган. Алардын сүйүүлөрү 3 жылдай өмүр сүргөн. Кеннедилердин үй-бүлөсүнө жакын кишилер алар өз мамилелерин 1964-жылы ачыкка чыгарышкан дешет. Бирок Роберттин бийликти көздөй аттануусу менен Жаклин андан алыстай баштаган. Анткени менен шайлоо учурунда Роберт үчүн катуу тынчсызданган. Кийинчерээк Жаклин өз турмушунда миллиардер Аристотель Онассисти кезиктирет. Анын жашы Джекиден бир топ улуу болгон, таанышуу баш кошууга алып барган. Ал эми Роберт болсо өзүнүн улуу агасындай кол салуудан улам мерт болгон.

«КЕННЕДИЛЕР» ТУКУМУНА КАРГЫШ ТИЙГЕНБИ?

Америкалык жазмакерлер «Кеннедилер каргышы» деген ойду коомчулукка салышкан. Мындай ойго алар таасирдүү Кеннедилердин биринин артынан бири о дүйнөгө сапар алгандыгынан улам келишкен. Джондун атасы Джозев Кеннеди жана аялы Роза Фицджеральд Кеннеди экөө 9 балалуу болгону менен алардын 4сү жаш кезинде каза болушат. Ал эми Жаклин меңен Джон Кеннединин 2 баласы тең чарчап калган. Алардын уулу Кичүү Джон Кеннеди 39 жашында авиакатастрофадан көз жумса, Роберттин уулу Дэвид 28 жашында кокаиндин көп дозасынан улам мерт болгон.

ЖАКЛИН КЕННЕДИ НЬЮ-ЙОРКТУН БОРБОРДУК ЭСКИ ВОКЗАЛЫН САКТАП КАЛГАН

1975-жылы Нью-Йорктун борбордук вокзалын сүрдүрүү чечими кабыл алынат. Шаардын тарыхына түйшөлгөн Жаклин мэрге кат жазып, катында келечек муун кайсы тарыхты көрүп өзүлөрүнұн ата-бабасын эстейт, тарыхын билбесе кантип келечек үчүн күрөшө алат деген. Ал темир жана айнек имараттардын тарыхый имараттардын ордуна салынуусуна каршы чыккан. Бул каттан кийин вокзалды гана эмес Лафайет аянтын да сактап кала алган.

ЖАКЛИН КЕННЕДИНИН КАРЬЕРАСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛГОН

Джеки дайыма китептерге жана жазмакерликке өзгөчө мамиле кылган. Экинчи күйөөсү Аристотель Онассис дүйнөдөн өткөндөн кийин Жаклин Нью-Йорк шаарына көчүп келген. Ал Viking Press аттуу китеп чыгаруучу басмаканага жумушка орношкон. Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Doubleday басмаканасында улуу редакторлук кызматты аркалап, өз жумушуна берилип иштеген.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: