Menu

Видео – Физик-окумуштуу Ташмурза Айтмурзаевдин айкели ачылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-октябрда Кербен шаарында физик-окумуштуу, Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетинин көп жылдык деканы, Фрунзе политехникалык институтунун экс-проректору, Ош университетинин экс-ректору Ташмурза Айтмурзаевдин айкели ачылды.

Ташмурза Айтмурзаев Жалал-Абад областындагы Аксы районунун Ринжит айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып, аны 1952-жылы аяктаган. Ошол эле окуу жайдагы аспирантураны ийгиликтүү аяктагандан кийин, эмгек ишмердүүлүгүн университеттин физика жана электроника факультетинде баштап, 1963-1965-жылдары факультетти жетектеген.

Бул жылдарда физика-математика факультети университеттеги эң ири факультеттердин бири болууга жетишкен. Факультетте алдыңкы окуу-илимий лабораториялары, электрондук микроскоптор, оптикалык жана рентгендик спектроскоптор жана башка заттын түзүлүшүн изилдөөгө арналган илимий түзүлүштөрдү колдонуу жакшы жолго коюлган.

1965-жылдан 1967-жылга чейин Ош шаарындагы, Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору милдетин аткарган.

1967-жылдан 1979-жылдарга чейин Борбор Азиядагы ири жогорку окуу жайы болгон Фрунзе политехникалык институтунун проректору болуп эмгектенет, ал окуу жайда анын жакшы жетекчилик сапаты толугу менен ачылган.

Т.Айтмурзаевдин административдик жетекчилигинин өзгөчөлүгү: ишти таамай ача билгендиги, окуу планынын сапаттуу аткарылышын толук көзөмөлдөй алуусу, окуу пландарын толук түшүнгөндүгү жана аны түзө билгендиги, педагогикалык жамаат менен бир пикирде болуп, алардын арасында психологиялык климаттын бузулбоосуна жоопкерчилик менен жасалган мамилеси.

1979-жылы Кыргыз Улуттук Университетиндеги Физика-математика факультетиндеги теориятикалык физика кафедрасына кайтып келет жана студенттер үчүн кыргыз тилиндеги окуу китептеринин үстүнөн иштөөнү улантат. Ал өзүнүн акыркы күчүн кыргыз тилиндеги “Электродинамика жана салыштырмалуулуктун атайын теориясы” китебин жазууга жана чыгарууга жумшады. Ал 70тен ашык илимий иштерди, анын ичинде 3 окуу китебин жана окуу колдонмолорун даярдап чыгарды.

Анын эмгеги  татыктуу бааланып,мамлекеттик медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган.

Профессор Айтмурзаев Т.А. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты – өзүнүн өлкөсүндө жашоону, өзүнүн үй-бүлөсүн жана өзүнүн элин сүйгөн жөнөкөй жаран болгон.

Ташмурза Айтмурзаевдин элине сиңирген эмгегин жердештери эске алуу менен аны чыгаан илимпоз, белгилүү окумуштуу-педагог катары элесин түбөлүккө калтыруу максатында Аксы районунун мамлекеттик администрациясы Кербен шаарындагы аллеяга айкелин тургузууга токтом кабыл алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: