Menu

Президент Жээнбеков менен экс-президент Атамбаевдин тымызын ички тиреши эмнеге барып токтойт?

Бөлүшүү:

Бүгүн кыргыз коомчулугу президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмаз Атамбаевдин ортосундагы тымызын тирештин аягы эмнеге барып токтойт деген күдүк ойлорго көп бурулууда. Мунун негизинде ар кандай божомолдор да көп токулуп, талаш жараткан карама-каршы пикирлерден баш адашат.

Айрым эксперттер “Быйыл декабрда өлкөнүн экономикасында  кескин оор процесстер башталат, элдин кирешеси азайып, кедейлик күчөп, бюджеттик тартыштык өсүп, бардык багыттарда кризис башталат. Атамбаев ошону күтүп жатат. Абал оорлошору менен, декабрь-январь айларында Атамбаев Жээнбековдун бийлигине каршы чабуулду баштап, алгач сын менен абалды курчута баштайт.  Жазга чейин ситуацияны апогейине жеткирип, эрте жазда бийликти алмаштырат. Бул үчүн Атамбаевде баары бар, айрыкча Атамбаевдикиндей каржылык жана медиаресурстар эч кимде жок. Акыркы 7 жылда Атамбаев эбегейсиз байыды. Ошол байлыктын 1 пайызы эле Ак үйдүн алдына 20 миң киши алып келгенге жетишет. Ал эми Кыргызстанда 20 миң киши жыйналса эле ал “толпа” көзөмөлдөн чыгып, революция болуп, бийлик алмашары анык иш. Азыр Атамбаевдин башын ооруткан маселе – бул бийлик алмаштыруу эмес. Жазында бийлик алмаштыруу колунан келерин билет. Бирок аны ойлонткон маселе жаңы бийликке кимди алып келсем, кокустан ситуация көзөмөлдөн чыгып кетип, бийликке мен күтпөгөн үчүнчү күчтөр келип калбайбы? Эгер андай болсо ал кайсы күчтөр болушу мүмкүн, алар cөзгө келеби”, деген суроолор баш катырууда. Атамбаевдин бүгүнкү маанайын “Азия ньюс” гезити так жана таамай айта алды: “Сексенге чыгып, төшөнчүмө чычып өлгөнчө, алтымышымда Ак үйдүн алдында Соке менен атышып өлгөнүм жакшы” дептир”” деп.

Бирок, Атамбаевдин каржылык жана медиаресурстары күчтүү болгону менен , киши ресурстары тарып кетти. Анын бир кездеги ага фанаттай берилип, кызмат кылган ачка соратниктери бүгүн баары Кыргызстандын 100 байынын катарына кирди. Алар эми ачка эмес, ток. Ал эми ток мышык чычкан алалбай тургандыгы баарына белгилүү. Алар эми бийлик менен согушуп, байлыгын жоготкусу келбейт. Байлыгын тобокелдикке сала алышпайт. Кыргыздын “Мойнунан байланган ит ууга жарабайт” дегениндей байлыкка байланган атамбаевдин жан-жөкөрлөрү эми ууга жарабай калды. Бир кездеги оң колу Икрамжан Илмиянов тапкан дүйнөсүнүн жарымын сыртка чыгарып кетип, чет өлкөдө качып жүрөт.  Аны эми Атамбаев атып да алалбайт.  Ишенген кожолору Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүнбаев, Алмаз Усенов, Индира Жолдубаева жана башкалары да азыр аябай байып алышкандыктан курсактары ток, чычкан ала алышпайт. Баары Атамбаевди таштап , жолобой качып жүрүшөт. Атамбаевдин жанында жалгыз Фарид Ниязов калды. Бирок, ал жоокер эмес, былгытма тымызын оюндардын устасы. Ошондуктан Атамбаев азыр бийликке каршы күрөшкө легионерлерди издөөдө.  Бекеринен Равшан Жээнбековду, Өмүрбек Суваналиевди, Руслан Казакбаевди, Адахан Мадумаровду, Адил Турдукулов жана башкаларды өзү тарапка тартууга далалаттанып жаткан жок.

Ошол эле учурда президент Жээнбековдун таянар тоосу болгон кадрларынын көбү  Атамбаевден мураска калган кадрлар. Алар “музоо кезинен сүзүлгөндүктөн “ эч качан Атамбаевге каршы иштеше албайт. Оңтою келгенде Атамбаев тарапка “дырр” коюп качып кетери турган иш. Алар да эгер абал курчуп кетсе өз коопсуздугун тобокелдикке салып, Атамбаевге каршы чыгышпайт. Ансыз деле көбү “биздин эки шефибиз бар. Атамбаев менен Жээнбеков. Экөөсү тезирээк жарашса болор эле, кыйналып кеттик. Тезирээк аларды жараштырып, бир тилге келтирип алсак” деп жүрүшөт. Ошондуктан президент Жээнбеков тезинен өзүнүн жаңы командасын түзүш керек. Балким элдик ишенимдеги өкмөттү (правительство народного доверия) түзүүгө убакыт келип жетти. Мындай жаңы кадам элге жаңы үмүт бермек. Арменияда эл массалык түрдө Пашинянды коргогондой, Кыргызстанда  Жээнбековдун бийлигин коргоого эл массалык түрдө чыкмак. Бузук ойлуу Атамбаевчилердин тилектери таш капмак.

Азыр президент Жээнбековду колдоп жүргөндөр бул тиреште Жээнбеков Атамбаевден утулуп калбаса экен деп чочулашууда. Атамбаевдин айлакердигин, митаамдыгын  билгендер анын кимди болсо да алдап кетер касиетинен коркушат.  “Бийликке жетүү оңой, бирок бийликти алдырбай колдо кармап калуу андан кыйын” деген саясый учкул ойду унутпай, Жээнбеков колундагы бийлигин коргой билиш керек. Ага бийликти эл берди, ошондуктан Атамбаевди ордуна коюш керек же Атамбаевди акыркы 7 жылдагы өлкөдөгү эбегейсиз коррупция үчүн камаш зарыл деп ишендиришүүдө. Бийлик эл колуна берген бийликти коргоп калуу аракеттерин кечиктирбей  баштоо зарыл дешет.

Президент Жээнбековдун биринчи жылы бул бүт бойдон Атамбаев талкалап кеткен тышкы байланыштарды оңдоого жумшалды жана жемиштүү болду. Бирок ички саясатта да ушундай ийгиликтерди кескин жасоо зарылдыгы эбак жеткен. Эл ички саясатта, экономикада кескин өзгөрүштөрдү күтүүдө. Аны Атамбаевден калган, илең-салаң иштеген команда жасай албайт. Ал үчүн Жээнбековдун жаңы, эл ишениминдеги реформаторлор командасы түзүлүш керек. Бүгүнкү өкмөт мүчөлөрүн байкасаңыздар, эч бир демилгесиз, эптеп эле аман болсом болду деген бир байкуштар. Бирөөсү да жоопкерчиликти өзүнө алып, өз тармагында “прорыв” жасагысы келбейт. Сөздүн жакшы маанисинде иш үчүн күйүп-жанып, үзүлүп-жулунбайт. Жадагалса интервью бергенден коркушат. Булардан кайсы бир жаңы идеялардын оргуп-баргып чыкканын көргөн-уккан жокпуз. Анан ушундай “өлбө жаным өлбө” деген өкмөттөн эмнени күтүүгө болот. Эл ушуну күттү беле? Эл президент Жээнбековдун реформаторлор командасын үмүт кылып күтүп жатышат.

Ал эми парламенттин кебетесин көрүп турасыздар, баары Атамбаевден бата алып депутат болуп келишкен. Ар бир партия 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында “Республика-Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол”, “Кыргызстан” партиялары тизмелерин Атамбаев менен макулдашып, ал чийип салгандардан калгандарын гана съезддеринде депутаттыкка талапкер кылып бекитишкен. Эгер ситуация өзгөрүп кетсе анда баары Атамбаевди кандай сатып кетишсе, ошондой эле жол менен Жээнбековду да сатып кетишет. Кыскасы ким тарапта реалдуу күч болсо депутаттар ошол тарапка оой беришет.

Ошондо тезистеп айтканда: “Атамбаевдин жакынкы соратниктери кекиртегине чейин тоюп алышты, эми алар чычкан алалбайт. Байлыгын тобокелдикке салалбайт. Ошондуктан Атамбаев бийликке каршы акцияларга тымызын легионерлерди  издөөдө.

”Президент Жээнбековдун министрлери да  “музоо кезинде сүзүлүп калгандыктан”  эми алар Атамбаевге каршы чыгалбайт. Алар тескерисинче экөөсүн канткенде жараштырабыз деген ой менен алек болушууда. Ошондуктан Жээнбеков өзүнүн командасын түзүш керек. Бийликти сактап, коргоп калуу боюнча орчундуу чечим кабыл алуучу топтор түзүлүшү зарыл. Президент Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин 40 эшекке жүк айла-амалдарына каршы тура алабы? Бул бүгүнкү күндүн актуалдуу суроосу болууда.

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: