Menu

Жеңиш Молдокматов: Аткаминерлер кабинеттеринен чыгышса эле дароо чет мамлекеттерге саякатташат

Бөлүшүү:

– Статистикадан алганда, КМШ өлкөлөрү боюнча пенсияны эң аз алган биздин өлкө болуп саналат экен. Биздин пенсионерлер алган пенсия тууралуу кандай экономикалык анализ бере аласыз?

– Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлиги – бул өлкөдөгү эң аярлуу элдин катмарына көңүл буруп, алардын жашоо шартын жакшыртууга милдеттүү мамлекеттик орган болуп эсептелинет, Алсак, пенсионерлер, жөлөк пул алгандар, майыптар алгач аталган министрликтин колдоосунда болуп, жардамга жана өтө этият мамилеге муктаж. Ал эми министрдин орун басарынын айтканы, бул «ток адам сук адамды түшүнбөйт» дегендей болду. Демек, министрликтин жетекчилиги өлкөдөгү пенсионерлердин анык акыбалын билбегенин айгинелеп турат жана бул өтө өкүнүчтүү.

-Жалпы пенсионерлердин абалына көз чаптырып көрсөк…

– Кыргызстанда жалпы 648 миң пенсионер бар. Алардын 38%ы ЖТМ (прожиточный минимум) аз алгандар. Пенсиянын орточо көлөмү 5412 сом деп берип келишет. 20 миң сомдон жогору алгандар болгону 0,2% пайызды түзөт. Демек, министрдин орун басары айткандай пенсиядан үнөмдөп акча чогултуу жана сыртка эс алып келүү мүмкүн эмес экенин цифралар көрсөтүп турат.

Министрлер жана алардын орун басарлары саякаттаган мамлекеттердеги пенсионерлердин пенсияларын биздики менен салыштырсак түшүнүктүүрөк болобу дейм. Маселен, Испанияда пенсиянын орточо көлөмү 850 евро, Германияда 1200 евро, Францияда 1200 евро, Норвегияда 1542 доллар, Финляндияда 1900доллар, Данияда 2800 доллар, боордош Казакстанда 210 доллар, Азербайжанда 202 доллар, Белоруссияда 175 доллар, Украинада 142 доллар, Россияда 285 доллар. Демек, биздин пенсионерлер сыртка чыгып саякатгаш үчүн пенсиясынын бир бөлүгүн үнөмдөп, жашоого керектүү тамак-аш, кийим-кечесин кыскартып, мамлекеттик тийиштүү пошлиналардын, салыктардын, коммуналдык төлөмдөрдүн саякатташат» бир бөлүгүн төлөбөстөн чогултушу керек жана ушул учурда дагы кем дегенде үч же төрт жыл талап кылынат.

Эми мамлекетшк төлөмдөр тууралуу, электр энергияга төлөбөсөң светиңди кыркып кетет, ун албай койсоң балдарың ачка калат, кийиминен кыскартсаң балдарың кемсинет, кышкысын көмүр алсаң жок дегенде эки айлык пенсиянды бересиң, деги айта берсе арман көп.

– Саякаттоо карыларыбыздын кыялы бойдон эле калчудай…

– 6 миллион калктын 65%ы айылда турат. Ал эми айылда турмуш өтө оор экени биздин министрлерге жана алардын орун басарларына белгисиз. Себеби, кабинеттеринен чыкпайт, чыкса дароо чет мамлекеттерге саякатташат. Анан кантип эл турмушун түшүнүп, өнүгүү жолуна салат, түшүнбөйм. Бизде кадр саясаты казанда кайнаган кашага айланды. Партиялар бөлүп алган мамлекеттик кызматтар, партиялык башкаруудан мамлекеттик башкарууга өтпөй жатканы жанды кейитет.

Эмне дейбиз, пенсионерлер пенсиясын, пособие алгандар пособиесин, 80 миң мугалим жашоосуна араң жеткен айлыгын үнөмдөп, сыртка эс алып келүүбүз калды. «Биз жакшы жашайбыз» деп министрлик билдирди!

Соңку сөз ордуна

Статистикага ылайык пенсиянын эң төмөн көрсөткүчү 1,8 миң, орточо 5,1 миң, эң жогорку 75-100 миң сомду түзөт экен. Мына жогоруда мисал келтирилген мамлекеттер менен салыштырсак, 70 долларга эч нерсе келбейт жана ал эч нерсеге жетпейт. Айла жоктон адамдар нан менен чай ичип жашап келе жатышат. Жогорудагы мамлекеттин жарандары жылына бир жолу эс алганга башка мамлекеттерге барышат. Акчалары саякаттаганга жетет. Ал эми биздин пенсионерлерди карасаң, кадимкидей кейийсиң. Саякаттоону айтпай эле коёлу, жөнөкөй эле дарыларына да жетпейт. Жадагалса пенсияларын өз убагында ала алышпай, ар кимдин эшигин каккылашат. Биздин жагдайыбыз ушундай.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: