Menu

Bellingcat The Insider: «Петровдун» ГРУнун аскер дарыгери Александр Мишкин экени аныкталды

Бөлүшүү:

«Александр Петров»

The Insider жана Bellingcat басылмалары Скрипалдарды ууландырууга айыпталган «Александр Петровдун» чыныгы аты-жөнү менен өмүр баянын таап, анын Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) аскер дарыгери Александр Мишкин экенин аныктап чыгышты. Бул тууралуу The Insider басылмасы жазды.

1979-жылы Архангельск облусундагы Лойга айылында туулган Мишкин аскердик академиялардын биринде медициналык билим алган. Окуп жүргөндө ага ГРУда иштөө сунушталып, 2010-жылы Москвага көчүп келген. Анда Мишкин Александр Петров деген ысым менен жаңы документтерди алып, анын «жаңы өмүр баяны» жазылган. Руслан Бошировдукуна салыштырмалуу Мишкиндин «жаңы өмүр баянында» анын чыныгы жашоосундагы көрүнүштөр көбүрөөк жазылган — ысымы, туулган жери жана ата-энесинин аты-жөнү өзгөртүлгөн эмес.

Bellingcat менен The Insider Мишкиндин тек-жайын ага таандык болгон көптөгөн булактардагы маалыматтардын негизинде аныкташканын билдиришүүдө.

Британ бийлиги Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууга Александр Петров жана Руслан Боширов аттуу эки жаранды айыптап, алар Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери экенин жарыялаган. Окуя быйыл мартта Англиянын Солсбери шаарында болгон.

Кийин «Петров» менен «Боширов» RT телеканалына берген интервьсунда ишкер экендиктерин жана Солсбериге турист катары барышканын билдиришкен.

Азырынча орус бийлиги басылмалардын бул маалыматтарына карата расмий реакциясын билдирге элек. Иликтөөчүлөр Александр Мишкин тууралуу баяндаманын толук версиясын бүгүн, шейшембиде жарыялайт деп күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: