29-октябрда Кувейттен Бишкекке «Үмүт» караваны келип, оор оорулар менен жабыркагандарга бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Ал үчүн 25-октябрга чейин катталып, алгачкы текшерүүдөн өтүү керек.
Акысыз медициналык жардам чоңдор үчүн:
—Жалпы хирургия;
—Ичке жана жоон ичегинин шишиги;
—Альвеококкоз жана эхинококкоз;
—Грыжанын бардык түрү;
Кувейттик дарыгерлерге операцияга жазылуу үчүн №1 шаардык клиникалык оорукананын №2 хирургия бөлүмүнө кайрылуу керек.
Балдар үчүн:
—Балдар хирургиясы;
—Операциядан же күйүктөн кийинки дарылануу
—Ичегинин өспөй калуусу;
—Заара чыгаруу системасынын өспөй калуусу.
Бул ооруларды аныктап, катталуу үчүн Жал кичи районундагы балдар ооруканасына кайрылуу зарыл.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ