Кыргызстанга Кытайдан 100 даана өрт өчүруү унаасы жана Түркиядан тепкич алып келинет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мизахмедов билдирди.
Ал ошол эле учурда республикалык бюджеттен жок дегенде 5 техника алууга акча бөлүү сунушу берилгенин айтат. Министрдин маалыматында ӨКМге өрт өчүрүү унаалары акыркы жолу 2008-жылы алынган.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 50 метр узундукта гана эки тепкич бар. Анын бири начар абалда. Министр кошумчалагандай, ӨКМдин сунушу кабыл алынса жаңы техникалар Бишкек жана Ош шаарларына жиберилет.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ