Азыр ким кааласа интернетке кирип алып бышпаган “самсаларын” чала ийлеп чыгара берчү болду. Эми мунун тескери таасири күчөп кеткени кээ бир учурда кесепети тийип кетерин билдик. Ошондуктан чала-була бирдемкени күрмөй койгондордун “жеми” болбошубуз керектиги байкалды. Тимеле бирдемкени кыйратып жибергендей албуут “маалыматчылар” көзү карындай төлдөп кетти. Кургурлар ат оодарышка катышкандай одураңдашат. Эмнеси болсо да ээрге кыйшык отурган “чабандестер” арбып бараткангы жанды кейитет.
Маселен, өзүнүн ойун түз түшүндүрүүгө аракет кылган социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын айтканын ийинине жеткире баамдагандар анчалык “итин” агытышпайт эле. Тексти жулуп алып пиарлагандар болсо атайын эле жаман пикирлерин төгүшүп, кызматкерди осол кылууга жан үрөштү десек болот.
Лунаранын чындык кебине ыктаган эл артисти Саламат Садыкованы да алка-жакадан алып бозала кылууга умтулгандар болду. Эңиреңдеп сын айткандар буларчалык элге кызмат кылды бекен деген суроо аргасыздан берилет. Айтор, ак ниетин буруп иштеген Л. Мамытованын түбүнө жетем дегендердин илеби сууп кетерине деле көп убакыт талап кылынбайт. Өз максатыңдан артка кайтпай чымырканып иштей бер Лунара! Тилине алы жетпегендер үрүп-үрүп аргасы кеткенде басылат.
К. Садырбаева
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ