Menu

Илимди “Ата Мекенчилер” неге кодулашат?

Бөлүшүү:

Илгери Текебаевдин каруусунда күчү толуп-ташып турганда КТР ге өзүнүн жигити Кубат Оторбаевди отургузууга дымагы жеткен. Анысы колунан келишинче кызматын өтөп берди. Жакшы эле бул жердин ырыскысын ашады, курсагы тойду, каада күттү, акыры иши бүттү.

Андан кийин ээрге отурган Илим Карыпбековдун деле жылдызы жерге түшкөн жок. Баягыл эле эпчилдиги менен арыгынан суусун үзбөй жашап келатат. Канчалык асылышса дагын чыдамкайлыгы менен жеңип салууда.

Бирок, аны аттан оодарып салууга тишин кайрагандар бар. Айрыкча “Ата Мекенчилдер” кез келген жерден Илимдин санына азуусун матырып алууга куштар. Капаштын уулу Каныбек ал тургай Карыпбековду соттош керек дегенге чейин барып жатат. Башкалары деле жөн өтүшпөй кылыр көздөрү менен деректирди зекип өтүшөт. Бир кадрын орун басарлыкка жеткиргени менен дале болсо көксөөлөрү сууй элек. Ток этерин айтканда илгерки жолоюна салып, КТРди “менчигине” айландырууга булардын аракеттери мол. Мунун натыйжасы кандай болоруна мезгил күбө болот.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: