Menu

Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытовага кылмыш иши козголобу?

Бөлүшүү:

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Т.Исакунованын эч нерсе иш кылбагандыгын бир нече ирет баса белгилеп, орун басарлары менен бирге оюн-зооктон, көңүл ачуудан башы чыкпай жатканы боюнча тынбай коңгуроо кагып келгенбиз. Бирок, биз көтөргөн маселеге өз маалында эч ким көңүл белгөн эмес. Кызыгы, качан гана парламент трибунасынан жаңырганда муз ордунан жылып, министрликтин жарасы сыйрылды.

Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касмалиева министр Таалайкүл Исакунованын чет жактагы жумушчу сапарлары боюнча так далилдерди келтирип, дайыма үй-бүлө мүчөлөрү менен чыккандыгы, бардык сапарлары анын жолдошу жана баласы менен коштолгонун билдирип, мындай мыйзамсыз кадамы менен Исакунова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгын айтып чыкты. Мындан сырткары, Таалайкүл айым мамлекеттик бюджеттин эсебинен чет жакка чыкканы менен конференцияларга катышпаптыр. Бул – мамлекеттик кызматтын этикасын бузуу болуп эсептелет. Маселен, Исакунова Швейцариядагы эл аралык конференцияга баргандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттен 173 197 сом бөлүнүптүр. Бирок министр айым жолугушууга басып да барган эмес. Депутат А.Касымалиева дипломатиялык паспортторду да министр айым орун басарлары менен бирге жеке максаттарга пайдаланганын белгилеп, тийиштүү органдарга кайрылган эле, алар кыңыр иштерди казып чыкты.

Башкы прокуратура эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчисинин жана орун басарларынын чет өлкөлөргө чыгууда жана дипломатиялык паспортторду колдонууда бир катар тартип бузууларга барганы тастыкталганы боюнча маалымат таратты. Анда министр Т.Исакунова 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү эмгек өргүүсүндө болуп туруп, өкмөт башчыга маалымдабай, андан уруксат албай туруп дипломатиялык паспортун колдонуу менен АКШга барганы, ал жакта симпозиума катышканы, андан ары Т.Исакунова Аргентинага учуп, ал жакта 13-15-ноябрь күндөрү өткөн балдардын эмгегин эксплуатациялоо менен күрөшүүгө арналган дүйнөлүк конференцияга катышканы белгиленген. Андан тышкары, Т.Исакунова, өкмөт башчынын уруксат бербей койгонуна карабастан, 16-18-ноябрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Консультациялык Кеңештин XXX мааракелик отурумуна катышыптыр.

Министрдин мурунку орун басары З.Каденова дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгында колдонуу менен 2017-жылдын 24-27-апрелинде Тегеранга барып келип, кийин эмгек өргүүсүндө экенине карабай 2018-жылдын 2-22-сентябрында Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн окуу программасына катышыптыр. Кыскасын айтканда, 2017-жылдан 2018-жылдын сентябрына дейре министрликтин жетекчилиги 26 ирет чет өлкөгө командировкага чыгыптыр. Санасак, Министр Т.Исакунова 9 ирет (Улуу Британия, Кытай, Россия-2 жолу, Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Литва), орун басары Лунара Мамытова – 3 ирет (АКШ, Германия, Италия), Ж.Полотова – 4 ирет (Литва – 2 жолу, Венгрия, Тайланд) жана Зууракан Каденова – 10 ирет (Түштүк Корея, Россия – 3, Казакстан – 2, Польша, Бельгия, Германия, Италия) чет жактарга мамлекеттин эсебинен барганын Башкы прокуратура аныктап чыкты.

Эң кызыгы, бул сапарлардын баары мыйзамды бузуу менен ишке ашып, Тышкы иштер министрлигине чет өлкөгө пландалган иш сапарлар тууралуу бир да маалымат берилген эмес, иш сапардын жыйынтыктары боюнча отчеттор жөнөтүлгөн эмес. Алтургай, министр Исакунова менен сүлкүлдөп жасаңгандан башканы билбеген орун басары Лунара Мамытова чет жактагы иш сапардан келгенден кийин диппаспортторун өз убагында өткөрүп бербей, жүрүп алышкан. Айтор, ар кимдин колдоосу менен келген министрликтин башындагы «сулуулар» биз жазып келгендей эч нерсе иш аткарбастан, кычырып кийинип алып, жер көрүү менен гана алектенген. Мындай жосунсуз жорук мындан ары кайталанбашы үчүн катуу жазаланышы керек. Жогорку жетекчиликтин уруксаты жок чет өлкөгө чыгып кетүү бул -кылмышка барабар. Андан да жаманы, премьер-министрдин уруксат бербей койгонуна карабастан кетип калганы мыйзамга сыйбаган көрүнүш да. Булар мамлекеттик сырды ташып жаткан жокпу? Же эски илдет менен бала сатууга жасалган аракет эмеспи? Бул версиялар да тыкыр териштирилиши керек.

Прокуратура аныктаган фактыларда кылмыштын курамы турат, булар иштен гана четтетилбестен, тийиштүү жазасын алышы шарт. Азыр мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратура кыргыз өкмөтүнө сунуштама киргизди, эми маселени премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чечмекчи. Адилеттүү чечилерине ишеним артып туралык. Ал ортодо, орун басар Лунара Мамытова АКШда 12 күн окуганы үчүн бюджеттен 437 миң сом кеткенин Аида Касымалиева шардана кылды. Көрсө, жаз айларында мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө жаңы мыйзамдын күчүнө кирүүсүнө кеңири даярдык иштерин жүргүзүү үчүн Лунара Мамытовага жоопкерчилик жүктөлгөн экен. Бирок, ишти аткарбастан 30-апрелден 11-майга чейин Мамытова Дүйнөлүк банктан насыяга алынган каражаттын эсебинен 437 миң сомго АКШда базалык курстан өткөн. Чыгымдар түзүлүп, жарым миллионго чукул акчаны мамлекет төлөгөн.

Мыйзам боюнча Лунара Мамытова сапырган каражат медициналык-социалдык экспертизаны, маалыматтык тутумду жөлөк пулдардын даректүүлүгүн, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү реформалоо үчүн жумшалышы керек экен. Тилекке каршы, компотентсиз жетекчилердин айынан башка жакка бурулуп, ал каражат салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүктөлдү. Касымалиеванын айтымына караганда Лунара Мамытова АКШда окуп жүргөн маалда, ал көзөмөлдөөчү тармактын иши солгундап, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул берүү 2 ай кечиктирилген. Бул өтө чоң мыйзам бузуу, кылмыш иштин алкагында каражат тез арада артка кайтарылышы зарыл.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: