Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусундагы айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү жана Казакстан менен чек арадагы көзөмөлдөп өткөрүүчү пункттун иштөө шарттары менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 9-октябрда Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Манас районунун Покровка айылындагы үрөн чарба жана  Май айылындагы кооперативдердин ишмердүүлүгү жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктунун (КӨП) иштөө шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысы Покровка айылындагы үрөн чарба кооперативи чыгарган продукциялардын көргөзмөсүн көрдү. Мында негизинен буудай, кара буудай жана көп жылдык чөптөрдүн үрөндөрү коюлган. Чарбада 20 үй-бүлө туруктуу жумуш менен камсыз болуп, түшүм жыйноо маалында дагы 35-40 үй-бүлө жумушка тартылат.

Май айылындагы кооператив буудай, кара буудай, көп жылдык чөптөрдү жана жашылча өндүрөт. Мал чарбачылыгы дагы бар. 10 үй-бүлө туруктуу иш менен камсыз болгон, түшүм жыйноо маалында кошумча түрдө 25-30 үй-бүлө жумушка тартылат.

Президент бул чарбалардын ийгиликтүү иштеп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, региондордогу ушул сыяктуу чарбаларга көмөктөшүү — өлкөнүн финансылык институттарынын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты экендигин баса белгиледи.

Андан кийин Мамлекет башчысы облустун ишкерлери кошуна Казакстандын рыногуна айыл чарба азыктарын жеткирип турган «Чон-Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна барды. Анын иши тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымат берди.

Расмий маалымат боюнча көзөмөлдөп өткөрүү пункту күнү-түнү, дем алышсыз иштеп, ал аркылуу күнүнө орточо эсеп менен 600дөн ашуун автотранспорт каражаттары жана 3500ден 5000 чейин адам өтөт.

Кыргызстандан Казакстанга жана кайра Казакстандан Кыргызстанга «Чон-Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пункту аркылуу түрдүү товарлар, тамак-аш, кондитердик, макарон азыктары, жашылчалар, жемиштер, сүт азыктары, буурчактар, күйүүчү майлар жана курулуш материалдары, жер семирткичтер өтүп турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: