Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Чыңгыз Айтматов – улутубуздун руханий уңгусу, улуттук сыймыгыбыз

Бөлүшүү:

«Быйыл жалпы дүйнө жүзү атактуу жазуучу, кыргыз элинин уулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Айтматов — улутубуздун руханий уңгусу, улуттук сыймыгыбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Талас облусунун Кара-Буура айылындагы мектептин ачылышында.

Мамлекет башчысы кичинекей Шекерден баштап, ааламды карай жол алган, кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан жазуучунун мааракесине арналып көп иштер аткарылып жатканын эске салды.

«Кечээ Бишкекте, аны улап Чолпон-Атада Чыңгыз Айтматовдун эл аралык Ысык-Көл форуму өттү. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен атактуу интеллектуалдар келип, „Айтматов жана азыркы мезгилдин чакырыктары“ деген жыйынга катышты. Өлкөбүз дүйнөлүк маанилүү маселелерди талкуулоонун ордосуна айланды. Айтматовдун элеси жалпы кыргыз үчүн дагы бир жолу сыймык тартуулады. Анын рухий мурасы — бул биздин улуттук улуу баалуулугубуз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент өзү катышкан АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында өткөн Айтматовго арналган сүрөт көргөзмөсү жөнүндө айтып берди.

«Биринчи жолу БУУда ушундай сүрөт көргөзмөсү өттү. Китепкананын директору Чынгыз Айтматовдун бир катар чыгармаларын грек тилине которгон. Көргөзмөнүн ачылышына БУУнун Башкы катчысынын глобалдык коммуникация боюнча орун басары Элисон Смейл катышты. Бул бүт дүйнө жүзү тааныган Чынгыз Айтматовдун кадыр-баркын айгинелеп турат. Биздин улуу мекендешибиз ар дайым бардык элдердин тынчтыкта, биримдикте, ынтымакта жашоо принциптерин туу тутуп келген», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Алыстан издебей эле Чыңгыз агабыздын жазып кеткен, айтып кеткен осуяттарын аткарсак, кийинки муундарга сиңирип, ишке ашырсак, руханий жактан бай, өнүккөн мамлекет болобуз. Чыңгыз Төрөкулович дайым айтып келген ынтымак, биримдик, тынчтык болсо — келечегибиз кең болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстанда өткөн III Ысык-Көл Эл аралык форуму, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин саммитинен кийин бүткүл дүйнө жүзүндө кыргыз элинин ынтымагы бар, тарыхый дөөлөттөрдү урматтаган эл экен деген пикир айтыла баштады.

«Биз чынында ушундай элбиз! Биздин тамырыбыз терең, тарыхыбыз кенен элбиз. Алыстан издебей эле, башкаларды туурабай өзүбүздүн каада-салтыбызды, тарыхыбызды сактап, кармансак, тез эле өсүп-өнүгөбүз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: