Ашхабадда өткөн Азия – Тынч океан маалымат таратуу биримдигинин Башкы Ассамблеясынын Ашхабадда өткөн жыйынында Гурбангулы Бердымухамедов аймакта ММКларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.
Сыйлык алганга чейин Бердымухамедов Азия – Тынч океан маалымат таратуу биримдигинин башкы катчысы Жавад Моттаги, Индия мамлекеттик телеканалынын башкы директору Доордаршан Суприя Саху, Жапон маалымат таратуу корпорациясынын (NHK) президенти Риоичи Уэда менен жолуккан.
Бул арада Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев түркмөн кесиптешин алган сыйлыгы менен куттуктады. Мирзиёев түркмөн президентинин ММК, телекоммуникация жана глобалдык маалымат мейкиндигин өнүктүрүүгө кошкон салымы дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланганын белгиледи.
Түркмөнстанда көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары жок, эл аралык медиа менен кызматташкандар, анын ичинде “Азаттыктын” түркмөн кызматынан кабарчылары куугунтуктоолорго жана коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып келет.
Түркмөнстан калктын маалымат алуу укугу чектелген, дүйнөдөгү эң жабык өлкө болуп эсептелет. Эл аралык уюмдардын баяндамаларында Түркмөнстан сөз эркиндигин ырааттуу түрдө бузган мамлекеттер тизмесинин алдынкы сабында орун алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ