Menu

Министрдин орун басары Лунара Мамытова кызматынан кетүү боюнча арыз жазды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-октябрда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматынан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арызын жазып, өкмөттүн кеңсесине тапшыргандыгын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Мен эки жолу премьер-министрге кирип, менин айланамда болуп жаткан окуялар боюнча түшүндүрөйүн деп аракет кылдым. Бирок премьер-министр кабыл албады. Ошондон кийин кызматтан өз каалом менен кетүү боюнча арызымды жазып бердим”, – деп билдирет Лунара Мамытова.

Эсиңиздерге сала кетсек, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Касымалиева КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен анын орун басары Лунара Мамытованы чет элдик сапарларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен мыйзамсыз чыккандары жана дипломаттык паспортторду жеке кызыкчылыктарына пайдалангандыгы боюнча айыптап келатат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: