Menu

Индия Тажикстанга 20 млн доллар кайтарымсыз жардам берет

Бөлүшүү:

Эмомали Рахмон менен Шри Рам Натха Ковинд

Индия президенти Рам Натх Ковинддин Тажикстанга болгон сапары учурунда кызматташуу жөнүндө 10 документке кол коюлду.

Тажикстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Эмомали Рахмон менен Рам Натха Ковинд табият кырсыктарынын алдын алуу, космос технологияларын тынч максатта колдонуу боюнча меморандумдарга кол коюшту.

Эмомали Рахмон Тажикстан Индия менен тоо-кен өнөр жайы, анын ичинде металлдарды жана минералдарды – күмүш, сурма, жез жана баалуу таштарды иштетүү боюнча кызматташууну жөнгө салууга даяр экенин билдирди. Тажик президентинин айтымында, өлкө жер казынасында 200дөн ашуун менаралдык булактар жана 18 дарылык касиети жогору көл, 3500дөн ашуун дары чөп бар, бул саламаттык сактоо жана туризм тармагында кызматташууга жол ачат.

Шри Рам Натх Ковинд Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуудан кийин Индия Тажикстанга өнүгүү долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн 20 миллион доллар кайтарымсыз жардам берерин маалымдады.

Бул арада Шри Рам Натх Ковиндди кабыл алууда улуттук 16 тажик тамагы даярдалганы кабарланууда. Бул тууралуу Индия президентинин маалымат катчысы Ашок Малик Твиттердеги баракчасына жазды

Шри Рам Натха Ковинд алардын ичинен кайсы тамакты тандаганы белгисиз. Буга чейин Индия басылмалары президент Ковинд вегетариан ашканасына артыкчылык берерин жазышкан. Буга байланыштуу Душанбеде аныны урматына даярдалган банкетте жашылча-жемиш мол болду.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: