Menu

Өкмөттүн ипотекасы элди алдоо экен

Бөлүшүү:

Эгер эсиңиздерде болсо, эски бийликтин өкмөтү башкалканчы жок мугалимдер менен врачтарга ипотекалык жол менен үй беребиз деп оолуккан. Мындай жакшылыкты түшүндө да көрбөгөн бюджеттик кызматкерлер жаш баладай сүйүнүп, ишенип алышкан. Бирок ишке келгенде бул жөн гана мамлекеттик деңгээлдеги алдамчылык экендиги же коюлган шарттарды аткаруу мүмкүн эместиги далилденди. Анткени ай сайын он мин сом төлөп турууга ар бир эле кызматкердин шарты ылайык келбейт. Бир чети пайызы да жогору. Ошондуктан өкмөт акең алдамчылыктын же жаш баладай ишенчээк мугалимдер менен врачтарды алагды кылуунун башкача жолун ойлоп таап (алдоодон алар мастер эмеспи) мамлекеттик ипотекалык компания пайыздык үстөктү  7 пайызга түшүргөндүгүн билдирген. Бирок азыркы тапта жарандар ипотекалык кредиттерин ала албай жатышат. Мунун себептери азырынча белгисиз. Ипотекалык компания “аракет кылып жатабыз”- дегенден башка жооп бере элек. Айрым тургундар ипотекалык негизде батир алууну пландап, арыз таштагандан 6 ай өтсө да, акча алыша элек. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик ипотекалык кредит алууга кызыктардыгын билдирип,  780 адам кайрылган. Ипотекалык компаниянын Оштогу кеңесесинин адиси Гүлназ Мамашеванын айтымдарында, кайрылган жарандардын ичинен 450сүнүн арызы канааттандырып, калган 330 жарандын арызы каралып жатыптыр. Бирок коомчулукта айтылган ар түрдүү ойлорго карабай, ипотекалык шарттар менен батирлүү болууну самагандар көп.  Ош шаарында эле турак-жайларга муктаж болуп, мэрияга арыз менен кайрылгандардын саны 5 миңдин тегерегинде экен. Бул санды жалпы республикалык алкактан алганда, жети эсе жогору болорун бөркүңүздөй көрө берин. Айтор эски бийлик чалган кашаны жаңы бийлик кантип боткого айландыра албай башы маң болууда. Бул учурда экс-президент менен экс-премьерлер өздөрүнүн  миллион сомдук хансарайларында чардап эс алып жатышууда…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: