Menu

Эрлан Абдылдаев Кыргызстанды кытайлаштыруу, туулган жерин коңшуларга тебелетүү, тизелетүү саясатын ийгиликтүү ишке ашырууда

Бөлүшүү:

Ашанын бийлигин өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп (бир жагынан бул кызматташуу атамбаевчилер үчүн да өтө пайдалуу болгон), элдин ырыскысын кемиткен олигархтардын көч башында Рахат Ирсалиев тургандыгы анык. Бүгүн Атамбаев баштаган кайсы долбоор болбосун, арам ниеттер менен коштолгону аныкталып, анын тушунда чоң кызматты ээлеген кадрларынын дээрлик баары камалып, жегенин кусуу алдында турушат. Бирок, коррупцияга каршы күрөш жараяны эмнеге Рахат Ирсалиевге жетпей жатканы аликүнчө табышмак. Же бул эргул азыркылардын да тилин таап алдыбы?

Эрлан Абдылдаев Кытайда кылган кылмышы үчүн жазаланбай кала береби?

2005-жылы Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп иштеген. Анда, Акаевдин доору, хан айым Майрам Акаева кадр маселесин чечип турган. Ал убакта ТИМ министри болууну уктаса түшүндө көрүп жүргөн Эрлан Абдылдаевге Николай Танаев келип, “Майрам Акаеванын “Мээрим” фондуна акча котор, сени министр кылабыз”,-деген сунуш айтат. Сунушка ойлонбостон макул болгон Абдылдаев, эч ким менен кеӊешпей туруп Элчиликтин визага түшкөн спецсчетундагы 200 миӊ доллар каражатты “Мээрим” фондуна которуп салган. Ал, Министр кызматка келгенден кийин акчанын ордун жаап коем деп ойлосо керек. Бирок, бары кыялдагыдай уланбай, 2005-жылдын 24-мартында Акаевдин бийлиги кулап, Эрлан Абдылдаев кызматка жетпей кала берет. “Мээрим” фондуна которулган каражат кайтарылган эмес.

Акаевдин доорундагы кылмышы кантип жабылган?

Абдылдаевдин мындай мыйзамсыз иши боюнча кийинки келген бийликке маалымат жетип, Улуттук коопсуздук кызматы кылмыш ишин ачат. Бирок, бат эле ачылган кылмыш иши аягына чыкпай жабылып калат. Көрсө, Эрлан Абдылдаевдин “бөтөлкөлөш” досу Эркин Асангулов Бакиевдер менен жакын мамиледе болгонуна байланыштуу, ортого түшүп иштин жаӊжалсыз жабылышына жардам берген. Элчиликтин спецсчетуна акча-каражаттары кайтарылып, мындан тышкары Бакиевдерге дагы чоӊ суммадагы каражат берип, өзү элчиликтен кетип кутулат.

Сапар Исаков менен кантип жакындашып калган?

Эрлан Абдылдаев мыкты чыгыш таануучу (китаевед) катары белгилүү. Ал, элчиликтен кеткенден кийин Китаевед катары ошол кездеги Максим Бакиевдин оӊ колу Сапар Исаков менен жакындашып кетет. Ошентип, Эрлан Абдылдаев Максим Бакиев Кытай менен мемарандумга кол коюп баштаган ТЭЦти жаӊылоо, түндүк-түштүк жолун куруу жана “Датка-Кемин” станциясы боюнча иштерге аралашып калат. ТЭЦти модернизациялоо долбоору 150 миллион долларга бааланат. Сүйлөшүүлөр бүтүп калган мезгилде, 7-апрель төӊкөрүшү болуп, Бакиевдин бийлиги кулап, Убактылуу өкмөт келет.

Максим Бакиевдин убагында 150 миллион долларга бааланган долбоор эмнеге 386 миллионго көбөйгөн?

Кийинки келген бийлик доорунда Атамбаевдин жакын адамы катары Сапар Исаковдун жылдызы жанды. Ал, президенттин аппаратында тышкы саясатты колуна алды. Эӊ ишенимдүү жана таасирдүү фигурага айланган Сапар Исаков өзүнүн командасын чогултуп баштады. Бакиевдердин убагында Кытай менен башталган ТЭЦти модернизациялоо долбооруна киришти. Ошол убакта бул ишке аралашып калган Кытай таануучу, убагында Кытайда элчи болгон “эски досу” Эрлан Абдылдаевди ТИМге алып келди. Максим Бакиевдин жанында жүрүп, афералык махинацияларды өздөштүрүп калган Сапар Исаков менен Эрлан Абдылдаев 150 миллион долларга бааланган долбоорду кайра сүйлөшүп, Кыргызстанга чыккынчылык менен 386 миллион долларга көбөйтүү схемасын түзүшкөн. Мындай келишим менен Сапар Исаков, Эрлан Абдыллаев уюштурган Атамбаевдин командасы ири суммадагы акча-каражатын жеке кызыкчылыктарына чыгарып кетишкен. Анын жыйынтыгы ТЭЦ жумуштан чыгып, кышында эл жылуулуксуз калды. Анын арты менен кылмыш иши козголуп, көп сырдын бети ачылып, Сапар исаков камакка алынды. ТЭЦ боюнча түзүлгөн афералык схемага жалгыз эле Сапар Исаков эмес, ага кеӊеш берип, жардамдашкан Эрлан Абдылдаев боюнча эмнегедир эч ким маселе көтөрө элек. Афералык схемалардын түзүлүшүнө ортоктош болгон Эрлан Абдылдаев эмнеге жазага тартылбайт?

Элчиликтин номерин берип, кымбат баалуу унааларды сатып акча тапкан…

Жакында, Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылыч Султанов ТИМдеги бир топ коррупциялык схемаларды ачыктап, айрымдарын жашыруун президентке жибергенин айтты. Анын маалыматында ТИМ Кыргызстандын элчиликтери аркылуу кымбат унааларга номер берип бизнес кылганы айтылган. Тактап айтканда, элчиликке таандык эмес унаалар Кыргызстандын дипномерлерин тагып жүрүшөт. Башка өлкөлөргө өтө кымбат унааларды салыксыз киргизип, дипломаттык номерлерди тагып берип, алардан акча алып иштеген далилдер көп экени көрсөтүлгөн. Мындай фактылар Москвада, Малайзияда эӊ көп катталган. Дипломаттыктан – көпөстүк кылып жаткан “соодагер” Эрлан Абдылдаев жазасыз калбашы керек…

Эрлан Абдылдаев ТИМге келгени Кытай жарандарынын Кыргызстана кирүүсү 90 пайызга өсүп кеткен, сыры эмнеде?

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта, Кыргызстанга Кытай жарандары кире баштаган. Учурда, расмий эмес маалыматтарга караганда Кытайлардан төрөлгөн наристелердин саны 20 миӊге жеткени айтылып жүрөт. Дагы бир маалыматтарда Кытайдан келген мигранттардын саны 200 миӊден ашык. Жалпы кирген кытайлыктардын саны Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри болуп келгенден тарта кескин өсүп кеткен. Тактап айтканда Кытайлыктардын Кыргызстанда көбөйүүсү статистика боюнча 90%га жеткен. Кыргызстанга виза алуу дагы жөнөкөйлөштүрүлүп, виза берүү бизнеске айланган. Учурда, Кытайдагы элчи камактагы экс-мэр Албек Ибраимовдун күйө баласы отурат. Сапар Исаков, Эрлан Абдылдаев жана Албек Ибраимовдун күйө баласы Кыргызстанды кытайларга тебелетип берген. Кызыкчылык үчүн кыргыз жерин тепсендиге салган улуту казак Эрлан Абдылдаев мамлекеттин кызыкчылыгын кантип тышкы саясатта коргойт?

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: