Улан Сыдыков Интеллектуалдык менчик жана инновациялык мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик фондунун аткаруучу директору болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Сыдыков 1977-жылы Ысык-Көлдүн Ан-Остон айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “статистика” адистигин аяктаган .
Эмгек жолун 2001-жылы улуттук комитетинде адистик кызматында баштаган. 2003-жылыдан 2011-жылга чейин финансы жана кредиттик саясат бөлүмүндө эскперт болуп иштеген.
Батма Иманбекова
Булак: kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ