Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке кыштагында жергиликтүү активисттер беш аялдама курушту. Мында алар өз каражаттарын гана сарпташты.
Бул долбоорду “Мырза-Аке Жаштар Биримдиги” жана “Мырза-Аке коому” демилгелешти. Активисттер жакын арада бул айылда дагы бир нече аялдама курууну мерчемдешип, муну үчүн ыңгайлуу орундарды издеп жатышат.
Буга дейре Мырза-Аке айылынын активисттери жакыр жашаган үй-бүлөлөр үчүн атайын дүкөн уюштурушкан. Анда турмуш-шарты начарлар кийим-кечелерди бекер алып турушат.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ