Menu

Туй байке Жээнбековду укпай, 60 жылдыгында ой-да кутурду!

Бөлүшүү:

Кыргыз Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, же эскиче айтканда губернатору Туйгуналы Абдраимов эки күн мурда 60 жашка чыгып, бул датаны өзгөчө шаан-шөөкөт менен белгиледи. Президенттин аш-тойлор боюнча позициясы баарына белгилүү.

Өзүнүн аппаратындагы кызматкерлерге, өкмөт « мүчөлөрүнө, облус-район башчыларына жада калса ресторанга барып тамактанууга тыюу салган “негласный” көрсөтмөсү бар. “Ресторанда тамактануу, тойлорду өткөзүү, ага барып катышуу накта коррупциянын очогу”- деп катуу айтканын укканбыз.

Анын үстүнө, парламентте да аш-тойлорго тыюу салуу маселеси көтөрүлүп, мыйзам даярдалып жатат. Карапайым калк да көпөстөрдүн, ар кандай даражадагы чиновниктердин дүңгүрөтүп той берген жоруктарына терс көз карашта экендиги жашыруун болбой калды. Президент айткандай, башчы болгон адам өзү элге бул жагынан үлгү көрсөтүшү керек эле. Бирок, Т.Абдраимов “Чүйдө менден башка ишене турган адамы жок болгондон кийин, кайда кетмек эле”- дегендей мамиле жасагандай туюлуп жатат бизге.

“Кыргызтудэй” Туй байкенин тоюн мындайча сүрөттөдү: “7-октябрь күнү Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов 60 жашка толду. Мындай чоң датаны Чүй облусунун күжүрмөн эмгекчилери, айыл өкмөттөрү менен акимдери бүгүн “Ысык-Ата” курортунун жака белиндеги Карагайлуу-Булак айылында 3 боз үй тигип, 3 боз жылкы союп, “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык” тартып, тойлоп жатышат. Туй байке туулган күн өткөрсө жарашат. Төрт президенттин: Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун тең тушунда аттан түшпөгөн аткаминер болду. Элине кызмат кылды. 3 президентти (Акаев, Бакиев, Атамбаев) шайлоодо БШКнын төрагасы катары жакшы кызмат кылып, үчөөсүн тең триумф менен жеңишке жеткирди. Медик катары Атамбаевге “Шизофреник!” деген так жана даана диагноз коюп берди. Акысына Атамбаевден “Манас” орденин тагынды. Доктор Назаралиевди сабады, “көзү ачык” Карыбековду сабады, журналист Сартбаевди сабады. Министр болду, депутат болду, элчи болду, дегеле иштебеген иши калбады. Бир гана президенттик кызматты аркалай элек. Ошондуктан биз Туй байкеге эмки президенттик шайлоодо жеңишти каалайбыз. Эгер Туй байке президент болуп калса 65 жылдыгын 65 боз үй тигип, 65 боз жылкы союп тособуз.

…Туй байке той өткөргөнгө татыктуу. Ошондуктан бүгүн Чүй облусунун бүт тыңчыкмалары: акимдери, айыл өкмөттөрү, прокурорлору, ачендиктери, иши кылып, аткаминерлеринин баары конверт көтөрүп, Карагайлуу-Булакта жүрүшөт. Ошондой эле КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, экс-министрлер, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жоон топ кызматкерлери да куттуктап келишиптир”.

Туйгуналы Абдраимовдун тою үчүн Чүй облусунда айыл өкмөттөрдөн баштап облусттук аппаратка дейре бир күн иш токтоп, баары Карагайлуу-Булакта чер жазып, жүздөшүп, дуулдашып, “будущий президент”- дегендей тосттор көтөрүлдү. Бу Кудайга жакпаган ишке президент Жээнбеков баа береби? Облус башчысы элге ушундай үлгү көрсөтүп жатса, калган майда чиновниктер кайда барат? Байкуш элдин эле шору экен!

А.Сатындиева

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: