Menu

Ошто көп кабаттуу үйдүн жашоочулары митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Курманжан датка көчөсүндөгү №211-көп кабаттуу үйдүн тургундары нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бул үйдүн Түндүк-Батыш тарабындагы бурчуна мыйзамсыз курулуш салынып калгандыгын баса белгилешип, мунун кесепетинен жолдору тосулуп калганына нааразыланышты.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, аталган 211-көп кабаттуу үйдүн жанындагы “Конок борбор” деп аталган мейманкана ишке түшкөндөн бери жашоочуларды тынччылык жок. Буга улай ары-бери беймарал каттаган жол дагы тосулуп калды. Кокус өрт чыкса, көп кабаттуу үй барчу жолго өрт өчүргүчтөр жана атайын унаалар таптакыр кире албай калат.

– Биз бул жерге бекеринен эле чогулган жокпуз. Мындагы “Конок борбор” мейманканасы жалгыз жолубузду биротоло тосуп калды. Эгерде үйдөн өрт тутанса, өрт өчүрүүчү унаалар таптакыр өтө алышпайт!- деп ыйлактады Ош шаарынын тургуну Чынара Темирова.

Ошентип, жашоочулардын баамында, буга дейре алар үч ирет укук коргоо органдарына кайрылышкан, бирок, иш акырына чыкпастан жабылып кала берди. Эми жергиликтүү тургундар бул жерде жемкорлук жоруктар бар экенине шектенип, айласы таптакыр куруганда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жолдоп олтурушат.

Анткени менен аталган имараттын ээси нааразы тараптын дооматына дегеле ынанбайт. Анткени, конок үйүн куруу үчүн анын колунда бардык тиешелүү документтери бар.

– Менин колумда зарыл документтер, Кызыл китеп бар. Демек курулуш мыйзамдуу. Бул имаратты бузуп салууга эч кимдин укугу жок!, – деди имарат ээси.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов:

– Шаар тургундарынын нааразылыгы боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маселени өз көзөмөлүнө алды. Эми ал жердеги элге ынгайсыздык жараткан тосмолор алынып, тартипке келтирилет! – деди.

Эске салчу жагдай: соңку тапта Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар, тротуарга чейин чыгып кеткен тосмолор бир айдан бери алына баштады. Буга чейин Төрөбай Кулатов кичи районундагы жана Авиа шаарчадагы бир катар мыйзамсыз курулуштар тазаланган. Ош шаарындагы Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда 900дон ашуун мыйзамсыз курулуштар бар экени аныкталган.

Алишер Т0ксонбаев

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: