Menu

Чек ара айылдарында жашагандар депутаттарга даттанышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Баткен районундагы Кара-Бак, Көк-Таш жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май, Жети-Суу, Ажек айылдарын кыдырып жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Аталган аймактардын тургундары электр энергиясынын жана ичилүүчү таза суунун, ошондой эле телефон байланышынын жоктугуна ыраса даттанышты. Мындан тышкары медициналык тейлөө чабалдыгын, социалдык пособиелерди жана жеңилдетилген кредиттерди алуу азапка айлангандыгын ачык айтышты.

Элеттиктердин датын жеринде тыңдашкан Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Ирина Карамушкина, Данияр Төлөнов жана Акылбек Жамангулов Чекара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси Абдыкерим Алымбаевдин коштоосунда алыскы аймактардагы “Коргон”, “Орто-Суу”, “Дейрес”, “Арап”, “Булак-Башы”, “Заркент” чек ара завсатаваларын дагы көрүп чыгышты.

Чек арачылардын негизги көйгөйү: чекара заставаларында жана бекеттеринде күйүүчү-майлоочу майлар тартыш. Ошондуктан, бул маселе жеринде эле чечилди. Ал эми парламентарийлердин бул сапарынын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш, коргонуу жана коопсуздук Комитетинин жакынкы межилисинде дагы өзүнчө каралмакчы.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: