Menu

Азизов, Абакиров аттуу сотторго наалат! Ахмат Келдибековго “Азия ньюс” гезитин 2 млн сомго доого жыгып берди

Бөлүшүү:

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков «кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди» деген таризде Октябрь районунун сотуна «Азия Ньюс» гезитинин үстүнөн арызданып, эки доо арыз боюнча кайрылган. Жарым жылдай сот процесси уланып, аягында чекит да коюлду. Кызыгы, Келдибековдун сураган суммасын Азизов, Абакиров аттуу соттор канааттандырып, экөө тең бир ооздон «миллиондон» так кесе чечимдерди чыгарганы таңгалдырды. Наалат!

Албетте, биз деле өзүбүздү периште сезбейбиз, кайсы бир деңгээлде жаза тайгандырбыз, бирок, соттордун шашылыш түрдө Келдибековдун кызыкчылыгын 100 пайыз аткарып салганы өөн учурап калды. Буюртма экени жалганбы? Ооба, башкасын айтпасам да, мен мурда экс-спикерлер Текебаев, Мадумаров менен соттошком. Текебаев каражаттан баш тартса, Мадумаровго 50 миң сом төлөп бергем. Ал эми бул жерде 2 миллион сом айып салууда. Учурда райондук соттун чечими жаңы гана чыгууда, Келдибеков азырынча «ак» же «көк» дей элек. Бул жерде кеп башкада, биздин соттор гезиттин абалына, каржылык жагына саресеп салбай эле миллиоңдорду моюнга иле беришсе аягы кандай бүтөт? Дал ушул жерде толук кандуу акыйкатсыздык орун алды!

Мен бул боюнча Сооронбай Шариповичке өзүнчө расмий түрдө кайрылуу жазам. Адилетсиздик!

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: