Menu

Эшимканов урматтаган Туйгун байке сыйга татыктуу

Бөлүшүү:

Раматалык Мелис байке Эшимканов айтып калчу: «Туйгун байке менен сүйлөшсөм чер жазылып, жан дүйнөм жай алып, бир жыргап, эс алып калам…» деп. Агезде мен Туйгунаалы Абдраимов менен ара-чолдодо саламдашып калганым болбосо, мындай кенен отуруп маектеш боло элекмин. Көп деле маани берчү эмесмин…

Ошентип, жети жыл мурун устатым, журналистиканын атасы тиги дүйнөгө кетип калды. Андан үч күн мурун эле Талант Конокбаев, Дүйшөн Керимов, Токойбек Тентеков бешөөбүз чогулуп, ара-чолодо менин эркек балалуу болгонумду жууп, тост сүйлөп отурганбыз. Ага улай генерал Бакыт Калыев түрмөдөн чыгып калып, ал жерде элдин уулу Элмурза Сатыбалдиев болуп, Мелис байке төрдө отуруп, жакшы бир түндүн ирмеми өттү эле… Жалган дүйнөнүн закымдап учканын кара! Бүгүн бар да, эртең жок…

Учурдагы көртирлик өтүп атат. Шайтан шынарлагандай эле социалдык түйүндөр удургушуп, күндө ушак-айың, шыбамай менен алпурушат. Карасам эле Туйгун байкени жамандап жатып калышыптыр. «60ка чыгыптыр, үч жылкы союп атат, бул чиновник…» дешип. «Атаңгөрү, үч жылкы сойгону аз болуп калыптыр, мындай шартта ЗОду сойсо да жарашмак. Себеби, ал айкөл адам. Анүстүнө Туйгун байке бүгүн Чүйдүн башчысы болуп турганы менен убагында кызматсыз калган күндөрү көп эле болгон, ошондо үйүндө жатып албай бизнес кылчу, оокаты кенен жетет. Акаев доорунан ушул күнгө чейин элге жүзү жарык жүрдү. Анан эмнеге эли-журту көтөрүп, 60 жылдыгын урматтап атса, четте турабы?..» деген ойлор агыла баштады. Кыкеңдер дайыма жакшы жагыбызды көрө алышпай, ичтери өтүшүп, кылдан кыйкым издешип, жугунду куйганга чебер болуп чыга келишет. Баракелде! Албетте, бир чети мындай көрүнүш мыйзам ченемдүүлүк. Жазыла берсин. Бирок, сөздүн күнү болот, ошону эстей жүрсөк…

Баягы аралай чапкан күлүктөй болбой, тизгинди тартып, сөздүн ток этерине имерилсем эми. Туйгун байке 60 жашка чыгып атат, керемет курак! Убагында Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков менен иштешип калган каарманыбыз учурда тирүү энциклопедия, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон инсан катары тарыхта калат. Эң башкысы, жай турмуштагы жакшы адам, адамгерчилиги бийик, куйкум сөздүү Туйгун байкенин 60 жаш курагы кут болсун! Буюрса, 70ке, 80ге чыкканда да саламдашабыз…

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: